КАРА-СУУ (Нарындын сол куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-СУУ – Токтогул р-нундагы суу, Нарындын сол куймасы. Уз. 89 км, алабынын аянты 1080 км2. Фергана тоо тизмегинин түн. капталындагы Капка-Таш ж-а Кара-Суу көлдөрүнөн башталат. Жогорку агымы Капка-Таш аталып, өрөөнү кууш. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңийт да, Нарынга куят. Жылдык орт. чыгымы 10,4 м3/сек. Көп чыгымы июнда, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Ири куймалары: Кайыңды-Суу (32 км), Жаңгакты (15 км), Шылдырак (13 км) ж-а Кара-Багыш (12 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кара-Көл ш. жайгашкан.