КАРА СУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА СУУ – тоо этектеринде же тоо аралык өрөөндөрдө кыртыш сууларынан чыккан булак же чакан агын суу. Суусу тунук, кээде бир аз минералдашкан. Нымдуу, саздак жерлерден, токойлордон агып чыгат да, көптөгөн суулардын башаты болот. Ак суудан айырмасы – К. с-дан башталган суулар жайында кирбейт, суусунун тазалыгы ж-а тунуктугу м-н өзгөчөлөнөт. Кыргндын аймагында «кара суу» аталган жер-суу, айыл-кыштактардын аталыштары өтө көп.