КАРАСАЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАСАЕВ Хусеин (5. 1. 1901, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Кең-Суу айылы – 31. 1. 1998, Каракол) – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучулардын ж-а Кырг-нда сөздүк түзүүгө негиз салуучуларынын бири, педагог, кот ормочу, пу блицист, проф. (1966), КР УИАнын ардактуу академиги (1992), КРдин К. Тыныстанов атн. илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1993). Караколдогу орустузем мектебинен билим алган (1914–16). 1923-ж.

Ташкенттеги Кыргыз-казак агартуу ин-тунда окуп жүргөндө И. Арабаев, К. Тыныстанов м-н бирге кыргыздын алгачкы гезити «Эркин-Тоону» чыгарууга (1924) катышкан. Ленин атн. Орто Азия мамл. ун-тинин жумушчу ф-тинде кыргыз тили мугалими (1925–26), Ленинграддагы А. Енукидзе атн. Чыгыш ин-тун бүтүрүп (1931), ошол ин-тта, кийин Москвадагы М. Ломоносов атн. ун-тинин Чыгыш ф-тинде кыргыз ж-а түрк тилдери мугалими (1949–50), Кыргыз маданий курулуш ил.-из. ин-тунда, Тил, адабият ж-а тарых ил.-из. ин-тунда улук ил. кызматкер (1931– 40; 1941–55), СССР ЭКСте редактор (1940–41), КМУда (азыр КУУ) окутуучу (1951–74) болуп эмгектенген. 1924-ж. араб графикасынын негизинде кыргыз алфавитин түзүүгө катышкан. Ал эми 1927-ж. К. Тыныстанов м-н бирге латын тамгасынын негизиндеги жаңы алфавиттин долбоорун түзүп, Самарканддагы кеңешмеге катышкан. Натыйжада, «Сабат ачкыч» алиппени (1927), И. Арабаев м-н бирдикте жаңы латын алфавитинин негизинде «Жаңылык» аттуу окуу китебин жазып, 1928-ж. басмадан чыгарган. Бул алиппе китеби кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде, жаңы тамга м-н биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыздыкты жоюуга зор кызмат кылган. Анын лексикогр. багыттагы изилдөөлөрү үч аспектиге бөлүнөт: 1) орфограф. сөздүктөр; 2) кош тилдүү котормо сөздүктөр; 3) лингвистикалык-этимол. сөздүктөр. Ал Тыныстанов м-н бирге тил терминдеринин cөздүгүн, алгачкы «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1938, И. Батманов м-н бирге), «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1944, К. Юдахин, Ж. Шүкүров м-н бирге) түзгөн. 1956-ж. Ю. Яншансин м-н «Орфографиялык сөздүктү» түзүп, кийин бул сөздүктү өзү толуктап, 60 миң сөздөн турган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн» (1966), кийин 1970–80-ж. «Түгөйлүү сөздөр» (1971), эки томдон турган «Накыл сөздөр» (1982; 1987), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1989), «Камус наме» (1992) аттуу сөздүккитептерди чыгарган. «Манас», «Семетей» эпосторун кагаз бетине түшүрүүгө да салым кошкон. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Каракол ш-нда эстелиги коюлуп, К. Тыныстанов атн. Ысык-Көл мамл.ун-тинде музейи ачылган ж-а БГУга ысмы берилген (1993).