КАРАНТИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАНТИ́Н (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен та­ралып кетүүсүн алдын алуучу адм., санит. ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- к-да Италияда 1-жолу К. киргизилип, чума та­ралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн порт­ко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. К-ге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. К-ге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, мед. бай­коо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мис., холерада 5 күнгө, ич келте­де – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгер­де К-ге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, К-дин мөөнөтү ошол күндөн баш­тап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – К. коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, К-дин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин Айыл чарба министрлиги тара­бынан иштелип чыккан вет. уставда ж-а инст­рукцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаң­дын диагнозу аныкталганда, тез арада К. кою­лат. К. коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңга­йына ж. б. кошумча факторлорго карата анык­талат. К. коюлган учурда аймак аркылуу мал­ды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизил­бейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын про­дуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даяр­доого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жу­гушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайлар­га, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде т. ж. бекетине, аэропортко, көлдөгү, порт­торго К. коюлса, А. ч. министрлигинин чечими б-ча вет. инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттар­ды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. К. эрежесинин так аткарылышын мамл. ветери­нар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунуч­туу жугуштуу ылаң чыккан учурда респ., обл. ж-а вет. уюмдар убактылуу атайын вет. К-дик отряддарды, постторду түзүп, К. эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. К. ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-ча­ралар толук аткарылган соң, вет. инструкция­га таянып, жерг. мамл. администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда К. эрежелерин Эл аралык эпизоотия­лык бюро (борбору Парижде) даярдайт.

Д. Раимбеков.