КАРАНДАШ (Михаил Николаевич Румянцев): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАНДА́Ш (өз аты-жөнү – Михаил Николае­вич Румянцев) (24. 11. 1901, С.-Петербург – 31. 3. 1983, Москва) – цирк артисти. CCCР эл арт. (1969), Соц. Эмг. Баатыры (1979). 1930-ж. цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. Алгач Ч. Чап­линди туурап ойногон. 1934–35-ж. Ленинград циркинде франц. карикатурист-сүрөтчү Каран д– Аштын ысмын ылакап ат кылып алып– жаңы образдарды жараткан. К-тын каарманы – чоң эле киши– бирок анын бала кыял ж-а шайыр мүнөзү артистке күлкүлүү кырдаал түзүп– трюк­тарды ишенимдүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк бер­ген. К. акробат– гимнаст– жонглёр– дрессиров­щиктердин номерлерине катышкан. 1946-жыл­дан тартып клоун тобун жетектеген. Анын ша­кирттери: Ю. Никулин– М. Шуйдин ж. б. К. кинофильмдерге да тартылган («Карандаш муз үстүндө» ж. б.). Чет өлкөлөрдө гастролдо бол-


Карандаш аренада.

гон. Мамл. цирк ж-а эстрада өнөрү окуу жа­йына ысмы берилген, Ленин ордени м-н сый­ланган.