КАРА-МЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-МЫК – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Жекенди айыл округунун борбору. Ак- Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 2360 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Кор­гон кыш-нан 41 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 376 км. 19-к-дын башында не­гизделген. Калкы 2485 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит, чек ара заставасы, сейсмология станциясы, байла­ныш түйүнү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү иштейт.