КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ (1130–1213) – Кашкар, Жети-Суу, Түш. Казакстан ж-а Мавераннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет. Түн. Кытайдагы Ляо мамлекетин чжурчжендер талкалагандан (1125) кийин, анын өзөгүн түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү Елүй Дашинин жетекчилиги м-н Моңголияга кетип, ал жерде Бей Ляо (Түн. Ляо) мамлекетин негиздешкен. 1128-ж. анын аскери Кашкарга кол салган ж-а 1130-ж. Караханид мамлекетин басып алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) К. к. м. кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга чейин жетип, Баласагун ш. борбору болгон. К. к. м-не азыркы Түн. Кырг-н гана баш ийген. Калкы ислам, о. эле несториан, буддизм, теңирчилик ж. б. диндерди туткан. 1198-ж. афганстандык гуриддердин катуу соккусунан К. к. м. алсырай баштаган. 1210-ж. Чыңгыз хандан жеңилген найман ханынын уулу Күчлүк Жети-Сууга келип, К. к. м-нин гурханы Чжилугудунун ишенимине кирген. Бирок 1212-ж. козголоң чыгарып, анын тактысын тартып алган. 1218-ж. моңголдор басып алгандан кийин, К. к. м. биротоло жоюлган.
Ад.: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья. М.,
1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; Караев О. История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983.