КАРА-КЫСМАК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КЫСМАК – Чаткал д-нын оң куймасы; капчыгайлуу кооз аймак. Чаткал р-нунун аймагында. Уз. 27 км, алабынын аянты 247 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. Талас Ала-Тоосунун түш. капталынан, Кара-Буура ашуусуна жакын жерден башталат. К.-К. суусу 17–18 км аралыкта терең капчыгай м-н шар агат. Өзөнгө 18 чакан суу (көбү оң) куят. Алабында мөңгүлөр бар. Суусунун жылдык орт. чыгымы 2–3 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөндүн жогору жагы кембрийге чейинки түрдүү сланец, филлит, кумдук, ортоңку бөлүгү кычкыл интрузия, чопо, сланец, төмөнкү бөлүгү палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Жылдык жаан-чачыны 600–800 мм; көбүнчө ноябрь–март айларында жаайт; апрель–майда тез-тез сел, көчкү жүрүп

турат. Орус саякатчысы Н. А. Северцов 1864-ж. июнь айында К.-К-тан өзөндү үч жылдан бери бөгөп жаткан 7 чоң кар көчкү («кар көпүрөнү») көргөн; алардын айрымдарынын уз. 800– 1000 мге чейин жеткен. 1975-ж. 9-июнда ушул эле жерде (Мырсаш м-н Мадисайдын ортосунда) 14 «кар көпүрө» пайда болгон. Капчыгайдын аймагында шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; өзөндүн боюнда түрдүү бадал, төмөн жагында кайың, тал, жайык кашаттарда шашыр, бийик тоолуу (3000 м ж-а андан жогору) жерлеринде жапалак арча өсөт. Капчыгайдын көп жери жылаңач аскалуу. К.-К-ты бойлоп Талас м-н Чаткалды байланыштырган автомобиль жолу өтөт. К. к. тарыхый топоним: Тимурдун 14-к-дын аягындагы Моголстанга жасаган жортуулдарында номен Каракасмак түрүндө бир нече жолу эскерилет. 19-к-да – 20-к-дын башында өзбектердин коңурат уруусунда каракасмак деген урук болгон.