КАРА КҮРҮЧ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА КҮРҮЧ , г р е ч и х а (Faqopytum Gaerin) –
кара күрүчтөр тукумундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүгү. Жапайы ж-а эгилме түрү бар.
Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 1 м тереңдикке сүңгүйт. Көп кырдуу, ичи көңдөй, сабагы тик өсөт, көп бутактуу, бийикт. 0,5–1,5 м. Жалбырагы үч бурчтуу, жүрөк сымал. Мөмөсү – кутуча дан. Даны күрөң, боз, кара түстө. 1000 даана данынын салмагы 20–30 г. Даны катуу кабыктуу. К. к. кыска мөөнөттө өнүп, өсүүчү
өсүмдүк. Өрчүү мезгили 60–90 күн. Үрөнү 5–6 см
тереңдикке себилет. Ал баалуу акшак берет, анын даамы жагымдуу, сиңимдүүлүгү б-ча алдыңкы орунда. Данында 13–15%и белок, 2,0–
2,5%и кант, 2,0–3,0%и май; 2,2–2,5% күл заттары, адамга өтө пайдалуу микроэлементтер (темир, кальций, фосфор, жез, цинк, иод), орг.
к-талар, В1, В2, Рр витаминдери ж. б. бар. К. к. гүлдөгөн учурда ар бир га жерден 100–120 кг
бал топтоого болот. К. к-түн ондогон сорттору

чыгарылган, а. и. Большевик-4, Шатиловский- 4, Калининская, Богатырь белгилүү. Кырг-нда Богатырь сорту жакшы түшүм берет.
Э. Капарова.