КАРАКУР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКУР (Lyrurus tetrix) – куштардын тоок сымалдар түркүмүнүн каракурлар тукумунун уруусу. Дене уз. 53–57 см, салм. 1,2–1,8 кг. Эркеги кара, куйругу эки ача, сыртын карай ийилип турат. Мекияны боз чаар. Эки түрү (кадимки ж-а кавказ К-у) бар.

Кадимки К. Азия, Европа токойлорунда, 40– 50 жыл мурда Кыргнда Тескей ж-а Күнгөй Ала-Тоо кыркаларындагы карагай, бадал аралаш салкын токойлордо тараган. Түрдүү өсүмдүктөр ж-а курткумурскалар м-н азыктанат. К. бири-биринен обочо жерге уялап, 9– 14 жумуртка тууйт, 19– 25 күн басып чыгарат. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда. 1975-ж-дан Кырг-ндын Кызыл китебине катталган. Кавказ К. к. – Кавказ тоолорунун эндемиги.