КАРА-КУЛЖА (Узун-Акмат суусунун оң куй­масы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-КУЛЖА – Узун-Акмат суусунун оң куй­масы. Токтогул р-нунун аймагы аркылуу агат. Уз. 60 км, алабынын аянты 651 км2. Чаткал кырка тоосу м-н Талас Ала-Тоосунун тутумдаш­кан жериндеги мөңгүдөн башталып, Узун-Ак­мат (түн.) ж-а Ат-Ойнок (түш.) тоолорунун ор­тосунда батыштан чыгышка карай агып, Узун- Акматка куят. Өрөөнүндө карагай, бадалдар, суу бойлой кайың, тал, четин, арча өсөт. К.-К-га 80ден ашуун өзөн куят, ирилери: Ат-Айнок, Найман-Суу (оң), Өкүм, Ыргайлы, Көл (сол). Ап­релде кире баштап, октябрда тартыла баштайт. Негизинен булак (49%), кар, мөңгү (46%) ж-а жаан-чачын (5%) сууларынан куралат. Алабын­да жалпы аянты 6,2 км2ге жеткен 20дан ашык мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 10,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.