КАРА-КӨЛ КОЮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-КӨЛ КОЮ – куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. К-к. к. – байыркы порода. Борб.
Азия эли жерг. койду улам тандоо жолу м-н чыгарган. Негизинен көрпө алуу үчүн багылат. К.-к. к. кум чөлдүү ысык шартка байымдуу ке­лип, жыл бою жайытта асыралат. Козусунун

өңү кара (80%), боз, күрөң, сур түстө болуп, улам чоңойгон сайын жүнү кубарып, башы, шыйра­гы кара бойдон калат. Жаңы туулган козула­рынын жүнү тармал болуп, чоңойгондо жанып кетет. Кочкорлору чагарак мүйүздүү, соолугу токол. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 55–75 кг, соолугунуку 45–50 кг. Жүнүнүн уз. 30 смге че­йин жетет. Жылына эки жолу кыркылып, коч­корунан 3,5–3,8 кг, соолугунан 2,0–2,2 кг жүн алынат. Жүнүнөн кездеме ж-а килем токулат. Асыл тукум К.-к. к. азыр Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанда, о. эле Афганстанда, Иранда асыралат.