КАРА-КӨЛ (: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КӨЛ – Жалал-Абад обл-ндагы шаар. Облустун борбору Жалал-Абад ш-нан 175 км түн.-батыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 78 км. 1962-ж. Токтогул ГЭСин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. Шаар статусун 1977-ж. 17-январда алган. Нарын д-нын
сол өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан. Калкы 22,6 миң (2009); негизинен кыргыз (80%), орус (10%), өзбек, татар, азербайжан, казак, армян, украин, о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт.
Азыркы шаар жайгашкан жер Ж а з ы-К еч ү ү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык м-н тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, таруу, шалы эгишкен. Совет бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз (Фрунзе ж-а Молотов) түзүлгөн. 50-ж. эл чарбасын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алынган. Жазы-Кечүү кыш-нын калкы Ноокен р-нуна көчүрүлгөн. 1960-ж. Токтогул ГЭСинин курулушу башталган. 1962-жылдан баштап, туракжайлар курулуп, мектеп, үй жылытуучу буу казаны, тамактануу жайлары, мед. мекемелер, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийинки жылы жалпы аянты 25 миң м2 болгон турак-жайлар, турмуш-тиричилик комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж. б. бүткөрүлгөн.
Учурда К.-К. ш-нда Токтогул ГЭСинин кеңсеси, «Достук заводу», «Нарынгидроэнергиякурулуш» (3000дей киши), «Гидромонтаж», «Аэродромкурулуш» ж. б. 12 АК иштейт. Түркиянын
«Суусамыр–Интер», «Энтес», Ирандын «Кейсон»,
«Ирдопаз» жол реконструкциялоочу фирмалары м-н кызматташууда. «Кыргызгидроатайынкурулуш» АК Камбар-Ата, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтеринде ж-а Өзбекстанда Резаккамчик ашуусундагы туннелде, ал эми «Гидромонтаж» АК Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Камбар-Ата, Ат-Башы ГЭСтеринде курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. Рыноктук экономиканын шартына өтүүдө бир топ реформалык иштер жүргүзүлүп, натыйжада шаарда 4 кичи ишкана, 1 кооперация, 117 жеке ишкер, 2 менчик ж-а 11 жоопкерчилиги чектелген дүкөн ишке киргизилген. «Ротор» кичи ишканасы 1996-ж. түзүлгөн, ал бөтөлкөлөр үчүн капкактарды чыгарат. «Нурлан-Алко» ЖЧК алкоголдуу ичимдик чыгарат.
«Кыргызтелеком» АКтын шаар ж-а эл аралык
кварцтык телефон байланыш пункту (1999), базар (2000) пайдаланууга берилген. Шаар Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкандыктан, Кырг-ндын бардык аймактары м-н
үзгүлтүксүз байланышта. Шаарда 6 орто, 2 негизги, спорт ж-а муз. мектеп, балдардын чыгармачыл үйү, 2 китепкана, 3 бала бакча, о. эле ЖАМУнун Кара-Көл инж. ф-ти (1962-ж. ФПИ-нин даярдоо бөлүмү катары ачылып, 1963-жылдан тех. ф-ти), кесиптик-тех. окуу жайы, «Кайыңды» эс алуу лагери (600–800 бала), «Энергетик» спорт комплекси (200 орундуу), мад-т үйү бар. Оорукана, 4 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 2 төрөт
үйү ж-а ФАП иштейт.