КАРАКАС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА́КАС – Венесуэла Респ-нын борбору. Өз алдынча Федерация округу адм. бирдикти түзөт.
Өлкөнүн түндүгүндө, Каракас өрөөнүндө, Кариб Анд тоолорунун ички бөлүгүндө, деңиз деңг. 900 м бийиктикте, Кариб деңизинин жээгинен 13–14 км алыстыкта жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2009; шаар агломерациясында 4,2 млн). Маанилүү жолдор тоому. К-ка жакын Майке­тия эл аралык аэропорту орун алган. Метропо­литен иштейт. Автомобиль жолдору аркылуу өлкөнүн ири шаарлары (Сьюдад-Боливар ж. б.), Панамерика шоссесинин бир тармагы аркылуу Колумбиянын борбору (Санта-Фе-де-Богота), т. ж. түйүндөрү аркылуу Ла-Гуайра порту м-н байланышат. Климаты нымдуу, субэкватордук. Январдын орт. темп-расы 19°С, июлдуку 21°С. Жылдык жаан-чачыны 820 мм. Испандар тарабынан 1567-ж. негизделген. 1770-жылдан Венесуэла генерал-капитандыгы­нын, 1830-жылдан көз каранды эмес Венесуэ­ланын борбору. Шаардын арх-расында заман­бап курулуштар басымдуу. Борб. П. Боливар аян­тында кафедралуу собор (1664–74), Ыйык Роза саат мунарасы, Ыйык Франсиско чиркөөсү ал-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

тары м-н, улуттук пантеон (1720) ж-а капито­лий (1872–75) сакталган. Ун-т шаарчасы (арх.
К. Вильянуев) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине киргизилген. К. – өлкөнүн башкы фи­нансы борборлорунун бири. Ири банктардын штаб-квартиралары, фонд биржасы, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү (а. и. ЛУКОЙЛ-дун ж. б.) жайгашкан. NIVEA маркасындагы парфюмерия-косметика каражаттары чыгары­лат. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жай өнүккөн. Шаардын четинде автомобиль чогултуучу итал. FIAT компаниясы иштейт. ИАлар (Венесуэла тил, 1883; улуттук тарых, 1888; мед., 1904; фи­зика, математика ж-а табигый, 1917; саясат ж-а социалдык), ИИИлер, ири ЖОЖдор (а. и. Венесуэла ж-а С. Боливар атн. ун-ттер, Жогор­ку мед. мектеби, пед. ин-т ж. б.), музыка ж-а иск-во коллеждери, улуттук (1883) ж-а калк ки­тепканалары, улуттук архив (1910), музейлер (а. и. илим, археология, Венесуэла куштары­нын коллекциясы ж. б.), С. Боливардын үй-му­зейи, сүрөт галереясы, театрлар («Антенео», дра­ма, балет), филармония, цирк бар. К-да Клави­шалуу муз. аспаптардын ири коллекциясы сак­талган. Жыл сайын заманбап ж-а көөнө (1954- жылдан) латын амер. музыка фестивалдары өткөрүлөт.