КАРАКАЛПАК ТИЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКАЛПАК ТИЛИ – каракалпактардын
тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. К. т. түн.-чыгыш ж-а түш.-батыш деп эки диалектиге бөлүнөт ж-а ал диалектилер фонет. өзгөчөлүктөргө ээ. К. т. үчүн жалпы түрк тилиндеги
«ч» ж-а «ш» тыбыштарынын «ш» ж-а «с» тыбышына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мис.,
каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой,
казак тилдерине жакын. К. т. л/д/т тыбыштары ө зүнөн мурда кел ген үнс үз тыбы штын
өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мис., кырг. –
таштар; казак.– тастар; каракалпактар – таслар). К. т-нде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жакындатат. Огуз тобу К. т-нин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь соц. рев-ясынан кийин калыптанган.
Жазуусу 1928-ж. чейин араб алфавитинде, 1928–
40-ж. латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940-жылдан орус алфавитине өткөн.
Ад.: Баскаков Н. А. Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.
Нукус, 1981.