КАРА-КАЗЫК АЛТЫН КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КАЗЫК АЛТЫН КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Көк-Суунун сол жээгинде, Кара-Казык суусунун Көк-Сууга куйган жерине жакын, деңиз деңг. 3350–4300 м бийикте. 1977-ж. табылып, 1982-ж. чейин издөө -баалоо иштери
жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбон-пермь мезгилиндеги кара казык, пермдеги алаудин, улакол интрузиялары м-н жирелген девондогу доломиттерден, карбондогу акиташ, мрамор, кумдук, сланец, конгломерат катмарларынан түзүлгөн. Кенташ карбон-пермь гранодиоритин курчап жаткан тектер, доломит-акиташ, акиташ-сланец формация аралык чек аралар ж-а интрузияга
чектеш майда жаракалар м-н байланышкан. Кен магмадан кийин пайда болуп, скарн тибине ж-а скарн-алтын-жез формациясына кирет. Негизги минералдары: нукура алтын, халькопирит, борнит, кофелин, пирит, арсенопирит ж. б. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 10,1 г/т,
күмүш – 41,9 г/т, жез – 0,88%. Кенташтын запасы 4297 миң т, алтындыкы 43,599 т, күмүш – 180,105 т, жез – 38114 т.