КАРАГОЙ-МАЗАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАГОЙ-МАЗАР – Кичи Алай тоосунун түн. капталындагы арча токойлуу табигый кооз аймак. Ноокат р-нунун аймагында. Карагой ж-а Мазар (Кыргыз-Ата суусунун башы) сууларынын алабынан орун алган. Уз. 30 кмдей, туурасы 4 км, орт. бийикт. 2500–2800 м, эң жапыз жери 1900 м. Аянты 200 км2дей. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрүнө, өрөөндү караган тоо капталдары төмөнкү палеозойдун акиташ, кремнийлүү ж-а сланец тектерине толгон. Тоо капталдары аскалуу, тик, терең кокту-колоттор көп. Карагой, Мазар суулары ж-а алардын куймалары агып түшөт. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 18,8°С, январдыкы –20,7°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Талаа (1900–2200 м бийикте; бетеге, дүйүм чөп ж-а бадалдар басымдуу), шалбаалуу талаа (2200–3000 м; өскүлөң шалбаа жылгыны, альп астрагалы, буудайык, каз таман, шимүүр, кой жалбырак ж. б.), шалбаалуу токой (2200–3200 м; түркстан арчасы, бадалдар жылгын, каз таман, кой жалбырак, шимүүр, альп астрагалы ж. б.), субальп шалбаалуу талаа (2800– 3300 м; бетеге, жылгын, кымыздык, кадимки гашум, каз таман, теңир-тоо пиязы, ыраң ж. б.), альп шалбаасы (3000–3200 мден жогору; бетеге, тоо сулусу, ыраң, мамыр чөп ж. б.) мүнөздүү. Тоолордун түн. ж-а түн.-чыгыш капталдарында арча токою өсөт. Мазар-Тоонун ж-а анын айланасынын кооз ландшафты эс алуу жайларын уюштурууга өтө ыңгайлуу. Мазарга сыйынууга келген эл анын экол. тазалыгын сактайт.