КАРАГАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдактар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийикт. 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, кычкыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорунда көп кездешет. К-тын кеңири таралгандары – кара К. (R. nigrum L.), кызыл К. (R.rubrum L.),

сары К. (R. aureum Purch.). Кырг-нда негизинен кара ж-а кызыл К. өстүрүлөт. К а р а
К. мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% к-талар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азоттуу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг%
ке чейин Р витамини, о. эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм
жыйналат. К-тын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө К-тын Алтай десерти деген сорту
райондоштурулган. Кызыл К-тын мөмөсүндө 4–
10% кант, 2–4%и лимон к-тасы, С витамини
(30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, о. эле
өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: К. таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдеттери: антракноз, дат ж. б.
Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.