КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Жел-Аргы акиташ з-дунан 40 км түн. тарапта, Кастек тоосунун түш. капталындагы Карагай-Булак суусунун боюнда, деңиз деңг. 2600 м бийикте жайгашкан. Кен 1959– 63-ж. геол. карта түзүүдө ачылган. 1964-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындап, запасын аныктаган. Кен аймагында палеозой заманынын алгачкы мезгилиндеги акиташ, аргиллит, сланец, граувак кумдуктары ж-а конгломерат жатат. Кен синклиналдык түзүлүштө, тектон. майда жарак алар м-н тилмеленген акиташ тегинен турат. Катмардын калыңдыгы 325 м, уз. 2,7 км. Технол. сапаты б-ча цемент даярдоого жарактуу ж-а 1-сорттогу аки алса болот. Баланстык запасы 11748 миң т (1975). Кен азырынча казылбайт.