КАРА-БУУРА РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БУУРА РАЙОНУ – Талас обл-ндагы адм.
бирдик. Район 1930-ж. уюшулган. Түндүгүнөн ж-а батышынан Казакстан Респ., чыгышынан Бакай-Ата, түштүгүнөн Чаткал р-ндору, түш.- батышынан бир аз жери Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,95 миң км2. Калкы 58,1 миң (2009). Райондо 8 айыл өкмөтү, 22 кыштак,
Маймак шаарчасы бар. Борбору – Кызыл-Адыр
айылы.
Район Талас өрөөнүнүн батыш бөлүгүнөн орун алган. Түн. бөлүгүндө Кыргыз Ала-Тоосунун батыш тармагынын уландысы Эчкили-Тоо, Ак- Таш, Кызыл-Адыр тоолору, түштүгүндө Талас Ала-Тоосу (эң бийик жери Манас-Ата чокусу, 4482 м) жатат. Курулуш материалдарынын кени бар. Климаты континенттик, июлдун орт.
темп-расы 22°С, январдыкы –6,1°С. Жылдык
жаан-чачыны 300–500 мм. Ири суулары: Талас,
Кара-Буура, Күркүрөө. Райондун чегинде Кара- Буура (Киров) суу сактагычы курулган (көлөмү 550 млн м3). Өрөөн бөлүгү жарым чөл зонасында жаткандыктан, топурагы боз, тоо бөлүгүндө күрөң боз, коңур топурак басымдуу. Негизинен талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.
Калкынын көбү кыргыздар, андан башка орус,
өзбек, казак, түрк, күрд, татар ж. б. улуттар жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 20,1 киши туура келет. Райондо мал чарбасы (айрыкча кой) ж-а дыйканчылык өнүккөн. Айдоо аянты 33,7 миң га (анын 23,4 гасы кайрак жер), көп жылдык өсүмдүк 0,1 миң га, чабынды 0,2 миң га, жайыт 203,9 миң га. Райондун дыйканчылыгында дан ж-а буурчак, картөшкө, жашылча, кант кызылчасы өстүрүлөт. Эгиндердин бардыгы сугарылат. Сугат үчүн Кара-Буура, Күркүрөө сууларынын мааниси чоң. Май-сыр, нан жасоочу өнөр жай ишканалары, автобаза бар. Райондун аймагынан Бишкек – Тараз – Талас, Кара-Буура – Аманбаев – Маймак, Кара-Буура – Жаңы-
Базар – Ала-Бука автомобиль жолдору өтөт.

Райондун Жоон-Төбө т. ж. бекетинен айланасындагы 520 га жерди ээлеген «Маймак» эркин экон. аймагы (1997) түзүлгөн (к. Талас облусу). Райондо 21 орто, 4 негизги, башталгыч мектеп (жалпы окуучулардын саны – 12501), кесиптик-тех. окуу жайы, балдардын муз. мектеби, 5 музей, 19 клуб, 13 китепкана иштейт. 1992-жылдан «Кара-Буура кабарлары» гезити чыгат. Чымкент айылында Советтер Союзунун Баатыры Ч. Түлөбердиевдин мемориал музейи уюшулуп, эстелиги тургузулган. 1988-ж. Шекер кыш-нда Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун музейи уюшулган. Райондун аймагында Садыр-Коргон (5–15-к.), Жоон-Дөбө (6– 12-к.) ж. б. шаар калдыктары бар. Байыркы кен казылмаларынын, металл эритилген мештердин орундары кезигет. Борборлошкон ж-а 3 айылдык оорукана, борборлошкон ж-а 5 айылдык дарыкана, 4 амбулатория, 16 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, бир нече үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. мекемелер бар.