КАБА (Базар-Коргон районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАБА 1 to КАБА (Базар-Коргон районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
09:51, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
КАБА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Талды-Булак айыл округунун борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 23 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 55 км. Калкы 2875 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенип, дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, почта түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мончо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.