ЗИББЕРШТЕЙН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗИ́ББЕРШТЕЙН</b> Фаддей Карлович [1789, [[Речь Посполитая]] (азыркы [[Польша|Поль­ша]]) – өлгөн жылы белгисиз] – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-жылы Виленск университети­нин илимий дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кыз­мат өтөгөн. Ушул | <b type='title'>ЗИ́ББЕРШТЕЙН</b> Фаддей Карлович [1789, [[Речь Посполитая]] (азыркы [[Польша|Поль­ша]]) – өлгөн жылы белгисиз] – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-жылы Виленск университети­нин илимий дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кыз­мат өтөгөн. Ушул учурларда же 1824-жылы казактардын [[Улуу жүз]]гө (орус документтеринде Чоң Ордо) караштуу урууларын бийлеген султан С. Аблаев Омскиге келип, Сибирь аскер линиясынын башчысы полковник С. Б. Броневскийден (1786–1858) тынчтык бербей, мал уурдап жаткан коңшу уруулардан коргоп турууга жардам сурап кайрылган. Мындай абалдан пайдаланган С. Б. Броневский чек ара линиясына жакын тышкы жаңы округ ачууга ниеттенген. Бирок Азия комитети коңшу [[Цинь]] өкмөтү менен алакасын татаалдаштыруудан чочулап, мындай округду түзүү азырынча эртелик кылат деп эсептеген жана көчмөндөрдүн суроо-талаптарын шылтоолоп, чакан аскер бөлүктөрүн жиберип, чалгындап турууну сунуштаган. Азия комитетинин мындай көрсөтмөсүнө ылайык [[Батыш Сибирь]] генерал-губернатору (1822–1827), П. М. Капцевич 1825-жылы Чоң Ордого атайын аскер отрядын жөнөтүүгө даярдык көрө баштаган. Бирок ошол эле жылы 5-январда орус падышасынын букаралыгын кабыл алууга ниет кылышканын жана ал үчүн Кашкарга каттаган орус кербендеринин коопсузудугун камсыздоо милдетин мойнуна алуу үчүн [[кыргыздар]]дын [[бугу уруусу]]нун атынан өкүл болуп [[Акымбек Олжобай уулу]], [[Алгазы Шераалы уулу]] жана [[Алымбек Жапалак уулу]] Омск чебине келишкен. Ушундай жагдайга ылайык көчмөн кыргыз урууларына орус аскер күчүнүн таасирин көрсөтүү максатында орус өкмөтүнүн атынан терең урмат-сый көрсөтүлгөн жана артка кайтарда аларды коштоп жеткирүүгө атайын аскердик отрядын жиберүүнү чечишкен. Натыйжада Ямышевский чебинин коменданты полковник Шубиндин жетекчилигинде 120 казак-орус турган отрядды казактардын уйсун урууларынын конуштарына чейин коштоп, андан ары узатууга дайындалган 50 кишиден турган аскер отрядына тоолук (закаменный) кыргыздар жашаган жерди, эң негизгиси [[Кашкар]], Аксу, ошондой эле [[Тибет]]ке баруучу соода жолдорун чалгындап келүү тапшырылган. П. М. Капцевичтин сунушу менен алардын ичине дарыгер Ф. Зибберштейн кошулган. 1825-жылы 25-майда элине кайткан кыргыз элчилерине кошулуп, [[Ысык-Көл]]гө че­йин келип кеткен. Кайтып барганда (1825-жылы октябрь) Батыш Сибирь генерал-губернатору­на орус тилиндеги «[[Омск гарнизон полкунун дарыгери Ф. К. Зибберштейндин иш сапарындагы байкоолору|Омск гарнизон полкунун дарыгери Ф. К. Зибберш­тейндин иш сапарындагы байкоолору]]» («Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна») деген кол жазмасын тапшырган. Кол жазма алгачкы жолу 1840-жылы «Аскердик-медициналык журналга» («Военно-медицинском журнале») жарыяланып, анда кыргыздардын 19-кылымдын 1-чейрегиндеги коомдук-саясий турму­шу, географиялык абалы жөнүндө так маалыматтар берилген жана алар азыркы күн­дө илимий маанисин жогото элек. | ||
Ад.: <small>Путевые дневники и служебные записки о поездках по южным степям. XVIII-XIX века. //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Том VI. А., 2007.</small> | Ад.: <small>Путевые дневники и служебные записки о поездках по южным степям. XVIII-XIX века. //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Том VI. А., 2007.</small> | ||
09:10, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ЗИ́ББЕРШТЕЙН Фаддей Карлович [1789, Речь Посполитая (азыркы Польша) – өлгөн жылы белгисиз] – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-жылы Виленск университетинин илимий дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кызмат өтөгөн. Ушул учурларда же 1824-жылы казактардын Улуу жүзгө (орус документтеринде Чоң Ордо) караштуу урууларын бийлеген султан С. Аблаев Омскиге келип, Сибирь аскер линиясынын башчысы полковник С. Б. Броневскийден (1786–1858) тынчтык бербей, мал уурдап жаткан коңшу уруулардан коргоп турууга жардам сурап кайрылган. Мындай абалдан пайдаланган С. Б. Броневский чек ара линиясына жакын тышкы жаңы округ ачууга ниеттенген. Бирок Азия комитети коңшу Цинь өкмөтү менен алакасын татаалдаштыруудан чочулап, мындай округду түзүү азырынча эртелик кылат деп эсептеген жана көчмөндөрдүн суроо-талаптарын шылтоолоп, чакан аскер бөлүктөрүн жиберип, чалгындап турууну сунуштаган. Азия комитетинин мындай көрсөтмөсүнө ылайык Батыш Сибирь генерал-губернатору (1822–1827), П. М. Капцевич 1825-жылы Чоң Ордого атайын аскер отрядын жөнөтүүгө даярдык көрө баштаган. Бирок ошол эле жылы 5-январда орус падышасынын букаралыгын кабыл алууга ниет кылышканын жана ал үчүн Кашкарга каттаган орус кербендеринин коопсузудугун камсыздоо милдетин мойнуна алуу үчүн кыргыздардын бугу уруусунун атынан өкүл болуп Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шераалы уулу жана Алымбек Жапалак уулу Омск чебине келишкен. Ушундай жагдайга ылайык көчмөн кыргыз урууларына орус аскер күчүнүн таасирин көрсөтүү максатында орус өкмөтүнүн атынан терең урмат-сый көрсөтүлгөн жана артка кайтарда аларды коштоп жеткирүүгө атайын аскердик отрядын жиберүүнү чечишкен. Натыйжада Ямышевский чебинин коменданты полковник Шубиндин жетекчилигинде 120 казак-орус турган отрядды казактардын уйсун урууларынын конуштарына чейин коштоп, андан ары узатууга дайындалган 50 кишиден турган аскер отрядына тоолук (закаменный) кыргыздар жашаган жерди, эң негизгиси Кашкар, Аксу, ошондой эле Тибетке баруучу соода жолдорун чалгындап келүү тапшырылган. П. М. Капцевичтин сунушу менен алардын ичине дарыгер Ф. Зибберштейн кошулган. 1825-жылы 25-майда элине кайткан кыргыз элчилерине кошулуп, Ысык-Көлгө чейин келип кеткен. Кайтып барганда (1825-жылы октябрь) Батыш Сибирь генерал-губернаторуна орус тилиндеги «Омск гарнизон полкунун дарыгери Ф. К. Зибберштейндин иш сапарындагы байкоолору» («Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна») деген кол жазмасын тапшырган. Кол жазма алгачкы жолу 1840-жылы «Аскердик-медициналык журналга» («Военно-медицинском журнале») жарыяланып, анда кыргыздардын 19-кылымдын 1-чейрегиндеги коомдук-саясий турмушу, географиялык абалы жөнүндө так маалыматтар берилген жана алар азыркы күндө илимий маанисин жогото элек.
Ад.: Путевые дневники и служебные записки о поездках по южным степям. XVIII-XIX века. //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Том VI. А., 2007.
Т. Асанов.