КАЙЫПОВ Өскөнбай: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:08, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАЙЫПОВ Өскөнбай [1911-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Ленин (азыркы Ноокен) району, Бүргөндү айы­лы – 1987, ошол эле жер] – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1951-жыл-

дан Ош облусунун Ленин районун­дагы Карл Маркс атындагы кол­хоздун башкармасы. Ал жетектеген колхоз 1954-ж. 800 га аянттын ар гектары­нан 37,3 цден, 1956-ж. 38,3 цден пахта түшүмүн жый­нап алган. Чарбада коомдук малдын саны көбөйүп, ку­нардуулугу бир кыйла арт­кан. 1954–58-ж. СССР Жо­горку Советинин, 1963–67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени м-н сыйланган.