ИЧКИ ЭНЕРГИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ</b> н е р с е н и н – | <b type='title'>ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ</b> н е р с е н и н – физикалык система­нын ички абалына көз каранды энергия. Ага микробөлүкчөнүн (молекула, атом, ион ж. б.) башаламан (жылуулук) кыймылынын ж-а ошол бөлүкчөнүн өз ара аракеттешүү энергиясы ки­рет. Ички энергия – системанын термодинамикалык абалын анык­тоочу функция, башкача айтканда система ар бир абалда бел­гилүү бир ички энергияга ээ. Ички энергия түшүнүгүн 1851-жылы англиялык физик У. Томсон (лорд Кельвин) киргизген. Физикалык системанын ички энергиясынын өзгөрү­шү (<i>DU</i>) ага сырттан берилген жылуулук саны (<i>dQ</i>) м-н системанын сырткы күчүнө каршы аткарган жумушунун (<i>d А</i>) айырмасына бара­бар: <i>DU=d Q– dА.</i> Бул теңдеме – термодина­микадагы энергиянын сакталуу закону. Систе­манын кабыл алган жылуулук саны ж-а аткар­ган жумушу анын абалын өзгөрткөн процесстин мүнөзүнө көз каранды. Эгер система чөйрө м-н жылуулук алмашпаса (<i>адиабата процесси</i>), анда <i>dQ = 0</i> болгондуктан, <i>DU = –dА</i> алынат, башкача айтканда системанын ички энергиясынын өзгөрүшү сырткы күчкө каршы аткарылган жумушка барабар. Термодинамикалык тең салмактагы системанын ички энергиясы температурага ж-а көлөмгө көз каранды. Физикалык системанын ички энергиясы молекулалык-кинетикалык теориянын негизин­де да аныкталат. Төмөнкү температурада абсолюттук нөлгө жакындаганда суюк ж-а катуу заттардын ички энергиясы белгилүү турактуу маанисине <i>U</i><sub>0 </sub>умту­лат. <i>U</i><sub>0 </sub>дун мааниси Ички энергияны эсептөөнүн башта­лышы катары колдонулат. | ||
Ад.: <i>Базаров И. Т</i>. Термодинамика. М., 1983. | Ад.: <i>Базаров И. Т</i>. Термодинамика. М., 1983. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:47, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ н е р с е н и н – физикалык системанын ички абалына көз каранды энергия. Ага микробөлүкчөнүн (молекула, атом, ион ж. б.) башаламан (жылуулук) кыймылынын ж-а ошол бөлүкчөнүн өз ара аракеттешүү энергиясы кирет. Ички энергия – системанын термодинамикалык абалын аныктоочу функция, башкача айтканда система ар бир абалда белгилүү бир ички энергияга ээ. Ички энергия түшүнүгүн 1851-жылы англиялык физик У. Томсон (лорд Кельвин) киргизген. Физикалык системанын ички энергиясынын өзгөрүшү (DU) ага сырттан берилген жылуулук саны (dQ) м-н системанын сырткы күчүнө каршы аткарган жумушунун (d А) айырмасына барабар: DU=d Q– dА. Бул теңдеме – термодинамикадагы энергиянын сакталуу закону. Системанын кабыл алган жылуулук саны ж-а аткарган жумушу анын абалын өзгөрткөн процесстин мүнөзүнө көз каранды. Эгер система чөйрө м-н жылуулук алмашпаса (адиабата процесси), анда dQ = 0 болгондуктан, DU = –dА алынат, башкача айтканда системанын ички энергиясынын өзгөрүшү сырткы күчкө каршы аткарылган жумушка барабар. Термодинамикалык тең салмактагы системанын ички энергиясы температурага ж-а көлөмгө көз каранды. Физикалык системанын ички энергиясы молекулалык-кинетикалык теориянын негизинде да аныкталат. Төмөнкү температурада абсолюттук нөлгө жакындаганда суюк ж-а катуу заттардын ички энергиясы белгилүү турактуу маанисине U0 умтулат. U0 дун мааниси Ички энергияны эсептөөнүн башталышы катары колдонулат.
Ад.: Базаров И. Т. Термодинамика. М., 1983.