ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО</b> – түндүгүнөн Кыргыз Ала- Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгы­шынан Сары-Жаз, Нарын | <b type='title'>ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО</b> – түндүгүнөн Кыргыз Ала- Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгы­шынан Сары-Жаз, Нарын дарыясынын суу бөлгүчү, ба­тышынан Фергана тоо тизмеги м-н чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орографиялык түзү­лүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр м-н алмашып жайгашат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 <i>м</i>, аянты 50 миң <i>км</i><sup>2</sup>ден ашык, анын 92%ке жа­кыны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан. Ре­льефине бийик ж-а өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүш­төгү тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик ж-а ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 <i>м</i>ге че­йин көтөрүлүү м-н айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири м-н туташып, жүз­дөгөн <i>км</i>ге созулат. Бул тоо системаларга түн­дүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, андан түштүгүрөөктө Тескей Ала-Тоонун батыш уландысы – Үкөк, Карагатты, Баба-Ата тоолору, Жумгал, Сууса­мыр кырка тоолору, андан түштүгүрөөктө Же­тим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соң-Көл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк- | ||
чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түш­түктө Нарын | чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түш­түктө Нарын дарыясынын оң жээгин бойлой Жетим- Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркала­ры чыгыштан батышка созулуп, батышта Фер­гана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоо­лору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна ба­рып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тиз­меги аймактын түштүк чеги болуп, түштүк-батыш багытта 400 <i>км</i>ге созулат. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 <i>м</i>) жа­тат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор м-н бөлүнүп, формасы ж-а узун-туурасы ар түрдүү (узундугу 30–40 <i>км</i>ден 150–170 <i>км</i>ге чейин). | ||
[[File:ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО17.png | thumb | none]] | [[File:ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО17.png | thumb | none]] | ||
Булардын эң ирилери – Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир- Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 <i>м</i>) да мүнөздүү. Алар­га байыркы денудациялык тегиздиктер – бөксө тоолор, өрөөн м-н чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) м-н субальп ж-а альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдала­нылат.<br> | Булардын эң ирилери – Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир- Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 <i>м</i>) да мүнөздүү. Алар­га байыркы денудациялык тегиздиктер – бөксө тоолор, өрөөн м-н чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) м-н субальп ж-а альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдала­нылат.<br>Аймак геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча тектоникалык эки облуска – Түндүк Теңир-Тоого (түндүк бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектоникалык цик­линде калыптанган) ж-а Ортоңку Теңир-Тоого (түштүк бөлүгү палеозойдун аягында герцин тек­тоникалык циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түндүк Теңир-Тоонун тоолору негизинен па­леозойдон мурунку ж-а төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоң­ку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиз­дик (туз-гипстүү формациялары м-н) калың (3000–4500 <i>м</i>) катмарынан ж-а төртүнчүлүк мез­гилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң текте­ринен турат. Палеоген-неогендин ж-а төртүн­чүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Те­ңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жа­каларына өтө мүнөздүү.<br>Климаты жалпысынан континенттик ж-а кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук м-н нымдын таралышында чоң айырмачылык­тар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 <i>м</i>ден 2200 <i>м</i>ге (2300 <i>м</i>) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн | ||
Аймак | |||
Климаты жалпысынан континенттик ж-а кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук м-н нымдын таралышында чоң айырмачылык­тар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 <i>м</i>ден 2200 <i>м</i>ге (2300 <i>м</i>) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн | |||
[[File:ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО18.png | thumb | Ички Теңир-Тоодогу Борколдой кырка тоосундагы кайберендер.]] | [[File:ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО18.png | thumb | Ички Теңир-Тоодогу Борколдой кырка тоосундагы кайберендер.]] | ||
| 13 сап: | 11 сап: | ||
жылуу (июлдун | жылуу (июлдун орточо температурасы 19–16°С), ак­тивдүү температуралык мезгилдин (10°Сден жогору) узактыгы 130–167 күн. Мында жаздык эгин, жа­шылча, тоют өсүмдүктөрүн, картөшкө ж-а мө­мө-жемиштин суукка чыдамдуу сортторун өстү­рүүгө болот. Бирок жылуу жерде өсүүчү өсүмдүк­төр үчүн жаздын аягында ж-а күзгө жуук болуучу үшүк өтө коркунучтуу. 2200 <i>м</i>ден жогору жат­кан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же сал­кын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 <i>м</i>) ж-а Тогуз-Торо (1200–1800 <i>м</i>) ойдуңдарынын жылуулук шарт­тары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун орточо темп­ературасы 21–22°С, активдүү температуралык мезгили 150–190 күн. Бул мезгилде жылуу жерде өсүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү бышып жетилет. Тоо өрөөндөрү м-н бийик ойдуңдарда кышы суук (январдын орточо температурасы –10°Сге чейин) ж-а узак, кыш­кысын дайыма жука кар жатат (Кочкор, Кара- Кужур ойдуңдарынан башкасында). Тоо каптал­дары м-н сырт өрөөндөрүндө жайы салкын (10– 5°С), кышы ызгаардуу. Ички Теңир-Тоонун түндүгүндөгү (Кочкор, Жумгал) ж-а түштүгүндөгү (Орто Нарын, Ат-Башы) өрөөндөрдө жаан-ча­чын аз (200–300 <i>мм</i>) түшөт. Калган жерлерде жаан-чачын батыштан чыгышка карай 400– 500 <i>мм</i>ден 300–400 <i>мм</i>ге чейин азаят. Тоолор­дун батышты караган капталдарына да 400– 500 <i>мм</i> жаан-чачын түшөт; көбү жылдын жы­луу мезгилине туура келет.<br>Региондун суу ресурстары өтө тармактанып, дээрлик Нарын дарыясынын алабына кирет (Жогорку Чүй м-н Ак-Сайдан башкасы). Анын системасы­на тоо тибиндеги ар кандай өлчөмдөгү жүздөгөн агын суулар тиешелүү. Негизинен мөңгү-кар суу­ларынан куралат. Дарыяларда суунун молдуу­лугу бирдей эмес. Агын сууларынын модулу 2,0дөн 16,0 <i>л/сек·км</i><sup>2</sup>ге чейин. Нарын дарыясынын орточо чыгымы (Нарын шаары тушта) 90 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, Кетмен- Төбө өрөөнүнөн чыга бериште 382 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>. Агын суулары энергияга өтө бай. Дарыя агымын жөн­гө салуу ж-а ирригация м-н энергетикада пай­даланууну жакшыртуу максатында Нарын дарыясына сыйымдуулугу 19,5 млрд <i>м</i><sup>3 </sup>болгон Токтогул суу сак­тагычы курулган. Нарын дарыясынын алабында 18 ири ГЭС куруу долбоорлонуп, алардын төртөө ишке киргизилген (2010).<br>Ички Теңир-Тоонун ландшафты ар түрдүү ке­лип, бийиктик алкактуулукка ылайык өзгөрөт. Жапыз ж-а орто бийиктиктерде жайгашкан ой­дуңдарда ж-а өрөөндөрдө (1200–2500 <i>м</i>) ачык кү­рөң топурактуу чөл ж-а жарым чөл басымдуу. Каптал өйдө (1800–2200 <i>м</i>) кургак талаа тил­кеси бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, түркүн чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары м-н алма­шылат. Алар орто бийик ж-а бийик тоолордо басымдуу. Токой-шалбаалуу алкагы Ички Те­ңир-Тоонун аймагында бирдей таралган эмес, тоолордо токой аз (2,7%). Теңир-Тоо карагай­луу токою тоолордун түндүк ж-а батыш каптал­дарында, жаан-чачын мол жааган кырка тоо­лордо 1800 <i>м</i>ден 3000 <i>м</i>ге чейинки бийиктеги кырка тоолордо кездешет. Региондун эң баты­шындагы (Ат-Ойнок, Узун-Акмат тоолору, Суу­самыр кырка тоосунун түштүк капталы) токой­ шалбаалуу талаа алкагы (теңир-тоо карагайы, семёнов көк карагайы, арча, жаңгак, алма ж. б.) Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун ландшафты­на окшош. Бадалдар м-н түркстан жапалак ар­часы кеңири таралган. Кыргызстандагы жапалак арча өскөн аянттын теңинен көбү Ички Теңир- Тоонун бийик тоолоруна (3000 <i>м</i>ден жогору) туура келет. Бийик тоолордо аска, корум, эшил­мелер, кар мөңгүлүү тепши сымал өрөөн м-н төр ж. б. гляциалдык рельефтин формалары кый­ла аянтты ээлейт. Кар чегинен төмөнкү катаал климаттык шарттарда альп көк өтөктөрү, сулу­ бетеге-эңилчектүү ж-а доңуз сырты-мамык чөп ­эңилчектүү тундра участкалары, суукка байым­дуу жаздык сымал өсүмдүктөр өскөн субнивал­дык тилке кездешет.<br>Табигый ресурстардын ичинен жайыттын маа­ниси чоң. Анын базасында кой (мал чарбасы­нын негизги тармагы), уй ж-а жылкы чарбала­ры өнүккөн. Суу ресурстары ж-а кен байлыкта­ры (күрөң көмүр, темир рудасы, хим. сырьё ж. б.) толук өздөштүрүлө элек. Провинция 6 физикалык-географиялык округга бөлүнөт: Суусамыр, Кетмен-Төбө, Коч­кор – Жумгал, Соң-Көл – Кичи Нарын, Орто Нарын ж-а Ат-Башы – Кара-Коюн. | ||
үшүк өтө коркунучтуу. 2200 <i>м</i>ден жогору жат­кан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же сал­кын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 <i>м</i>) ж-а Тогуз-Торо (1200–1800 <i>м</i>) ойдуңдарынын жылуулук шарт­тары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун | |||
Региондун суу ресурстары өтө тармактанып, дээрлик Нарын | |||
Чүй м-н Ак-Сайдан башкасы). Анын системасы­на тоо тибиндеги ар кандай өлчөмдөгү жүздөгөн агын суулар тиешелүү. Негизинен мөңгү-кар суу­ларынан куралат. Дарыяларда суунун молдуу­лугу бирдей эмес. Агын сууларынын модулу 2,0дөн 16,0 <i>л/сек·км</i><sup>2</sup>ге чейин. Нарын | |||
чыгымы (Нарын | |||
Ички Теңир-Тоонун ландшафты ар түрдүү ке­лип, бийиктик алкактуулукка ылайык өзгөрөт. Жапыз ж-а орто бийиктиктерде жайгашкан ой­дуңдарда ж-а өрөөндөрдө (1200–2500 <i>м</i>) ачык кү­рөң топурактуу чөл ж-а жарым чөл басымдуу. Каптал өйдө (1800–2200 <i>м</i>) кургак талаа тил­кеси бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, түркүн | |||
чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары м-н алма­шылат. Алар орто бийик ж-а бийик тоолордо басымдуу. Токой-шалбаалуу алкагы Ички Те­ңир-Тоонун аймагында бирдей таралган эмес, | |||
тоолордо токой аз (2,7%). Теңир-Тоо карагай­луу токою тоолордун | |||
Табигый ресурстардын ичинен жайыттын маа­ниси чоң. Анын базасында кой (мал чарбасы­нын негизги тармагы), уй ж-а жылкы чарбала­ры өнүккөн. Суу ресурстары ж-а кен байлыкта­ры (күрөң көмүр, темир рудасы, хим. сырьё ж. б.) толук өздөштүрүлө элек. Провинция 6 | |||
Ад.: <i>Шульц С. С</i>. Новейшая тектоника и рельеф Тянь- | Ад.: <i>Шульц С. С</i>. Новейшая тектоника и рельеф Тянь- | ||
| 29 сап: | 18 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>А. Осмонов, Ө. Бараталиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>А. Осмонов, Ө. Бараталиев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:30, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО – түндүгүнөн Кыргыз Ала- Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Сары-Жаз, Нарын дарыясынын суу бөлгүчү, батышынан Фергана тоо тизмеги м-н чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орографиялык түзүлүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр м-н алмашып жайгашат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м, аянты 50 миң км2ден ашык, анын 92%ке жакыны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан. Рельефине бийик ж-а өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүштөгү тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик ж-а ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 мге чейин көтөрүлүү м-н айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири м-н туташып, жүздөгөн кмге созулат. Бул тоо системаларга түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, андан түштүгүрөөктө Тескей Ала-Тоонун батыш уландысы – Үкөк, Карагатты, Баба-Ата тоолору, Жумгал, Суусамыр кырка тоолору, андан түштүгүрөөктө Жетим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соң-Көл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк- чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түштүктө Нарын дарыясынын оң жээгин бойлой Жетим- Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркалары чыгыштан батышка созулуп, батышта Фергана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоолору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна барып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тизмеги аймактын түштүк чеги болуп, түштүк-батыш багытта 400 кмге созулат. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 м) жатат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор м-н бөлүнүп, формасы ж-а узун-туурасы ар түрдүү (узундугу 30–40 кмден 150–170 кмге чейин).

Булардын эң ирилери – Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир- Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 м) да мүнөздүү. Аларга байыркы денудациялык тегиздиктер – бөксө тоолор, өрөөн м-н чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) м-н субальп ж-а альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат.
Аймак геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча тектоникалык эки облуска – Түндүк Теңир-Тоого (түндүк бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектоникалык циклинде калыптанган) ж-а Ортоңку Теңир-Тоого (түштүк бөлүгү палеозойдун аягында герцин тектоникалык циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түндүк Теңир-Тоонун тоолору негизинен палеозойдон мурунку ж-а төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоңку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиздик (туз-гипстүү формациялары м-н) калың (3000–4500 м) катмарынан ж-а төртүнчүлүк мезгилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң тектеринен турат. Палеоген-неогендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Теңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жакаларына өтө мүнөздүү.
Климаты жалпысынан континенттик ж-а кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук м-н нымдын таралышында чоң айырмачылыктар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 мден 2200 мге (2300 м) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн

жылуу (июлдун орточо температурасы 19–16°С), активдүү температуралык мезгилдин (10°Сден жогору) узактыгы 130–167 күн. Мында жаздык эгин, жашылча, тоют өсүмдүктөрүн, картөшкө ж-а мөмө-жемиштин суукка чыдамдуу сортторун өстүрүүгө болот. Бирок жылуу жерде өсүүчү өсүмдүктөр үчүн жаздын аягында ж-а күзгө жуук болуучу үшүк өтө коркунучтуу. 2200 мден жогору жаткан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же салкын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 м) ж-а Тогуз-Торо (1200–1800 м) ойдуңдарынын жылуулук шарттары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун орточо температурасы 21–22°С, активдүү температуралык мезгили 150–190 күн. Бул мезгилде жылуу жерде өсүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү бышып жетилет. Тоо өрөөндөрү м-н бийик ойдуңдарда кышы суук (январдын орточо температурасы –10°Сге чейин) ж-а узак, кышкысын дайыма жука кар жатат (Кочкор, Кара- Кужур ойдуңдарынан башкасында). Тоо капталдары м-н сырт өрөөндөрүндө жайы салкын (10– 5°С), кышы ызгаардуу. Ички Теңир-Тоонун түндүгүндөгү (Кочкор, Жумгал) ж-а түштүгүндөгү (Орто Нарын, Ат-Башы) өрөөндөрдө жаан-чачын аз (200–300 мм) түшөт. Калган жерлерде жаан-чачын батыштан чыгышка карай 400– 500 ммден 300–400 ммге чейин азаят. Тоолордун батышты караган капталдарына да 400– 500 мм жаан-чачын түшөт; көбү жылдын жылуу мезгилине туура келет.
Региондун суу ресурстары өтө тармактанып, дээрлик Нарын дарыясынын алабына кирет (Жогорку Чүй м-н Ак-Сайдан башкасы). Анын системасына тоо тибиндеги ар кандай өлчөмдөгү жүздөгөн агын суулар тиешелүү. Негизинен мөңгү-кар сууларынан куралат. Дарыяларда суунун молдуулугу бирдей эмес. Агын сууларынын модулу 2,0дөн 16,0 л/сек·км2ге чейин. Нарын дарыясынын орточо чыгымы (Нарын шаары тушта) 90 м3/сек, Кетмен- Төбө өрөөнүнөн чыга бериште 382 м3/сек. Агын суулары энергияга өтө бай. Дарыя агымын жөнгө салуу ж-а ирригация м-н энергетикада пайдаланууну жакшыртуу максатында Нарын дарыясына сыйымдуулугу 19,5 млрд м3 болгон Токтогул суу сактагычы курулган. Нарын дарыясынын алабында 18 ири ГЭС куруу долбоорлонуп, алардын төртөө ишке киргизилген (2010).
Ички Теңир-Тоонун ландшафты ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулукка ылайык өзгөрөт. Жапыз ж-а орто бийиктиктерде жайгашкан ойдуңдарда ж-а өрөөндөрдө (1200–2500 м) ачык күрөң топурактуу чөл ж-а жарым чөл басымдуу. Каптал өйдө (1800–2200 м) кургак талаа тилкеси бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, түркүн чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары м-н алмашылат. Алар орто бийик ж-а бийик тоолордо басымдуу. Токой-шалбаалуу алкагы Ички Теңир-Тоонун аймагында бирдей таралган эмес, тоолордо токой аз (2,7%). Теңир-Тоо карагайлуу токою тоолордун түндүк ж-а батыш капталдарында, жаан-чачын мол жааган кырка тоолордо 1800 мден 3000 мге чейинки бийиктеги кырка тоолордо кездешет. Региондун эң батышындагы (Ат-Ойнок, Узун-Акмат тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталы) токой шалбаалуу талаа алкагы (теңир-тоо карагайы, семёнов көк карагайы, арча, жаңгак, алма ж. б.) Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун ландшафтына окшош. Бадалдар м-н түркстан жапалак арчасы кеңири таралган. Кыргызстандагы жапалак арча өскөн аянттын теңинен көбү Ички Теңир- Тоонун бийик тоолоруна (3000 мден жогору) туура келет. Бийик тоолордо аска, корум, эшилмелер, кар мөңгүлүү тепши сымал өрөөн м-н төр ж. б. гляциалдык рельефтин формалары кыйла аянтты ээлейт. Кар чегинен төмөнкү катаал климаттык шарттарда альп көк өтөктөрү, сулу бетеге-эңилчектүү ж-а доңуз сырты-мамык чөп эңилчектүү тундра участкалары, суукка байымдуу жаздык сымал өсүмдүктөр өскөн субнивалдык тилке кездешет.
Табигый ресурстардын ичинен жайыттын мааниси чоң. Анын базасында кой (мал чарбасынын негизги тармагы), уй ж-а жылкы чарбалары өнүккөн. Суу ресурстары ж-а кен байлыктары (күрөң көмүр, темир рудасы, хим. сырьё ж. б.) толук өздөштүрүлө элек. Провинция 6 физикалык-географиялык округга бөлүнөт: Суусамыр, Кетмен-Төбө, Кочкор – Жумгал, Соң-Көл – Кичи Нарын, Орто Нарын ж-а Ат-Башы – Кара-Коюн.
Ад.: Шульц С. С. Новейшая тектоника и рельеф Тянь- Шаня М., 1948; Выходцев И. В. Вертикальная поясность растительности в Киргизии (Тянь-Шань и Алай). М., 1956; Чупахин В. М. Внутренний Тянь-Шань. Ф. 1959; Природа Киргизии. Ф., 1962; Исаев Д. И., Глушкова М. И., Алиев З. А. [и др.]. Рельеф Киргизии. Ф., 1964; Чупахин В. М. Физическая география Тянь-Шаня. А.-А., 1964; Структура и динамика компонентов природы Тянь-Шаня. Ф., 1973; Атлас Кыргызской ССР. Т. 1. Природные условия и ресурсы. М., 1987; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.
А. Осмонов, Ө. Бараталиев.