ИТАЛИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 35 сап: | 35 сап: | ||
[[File:ИТАЛИЯ109.png | thumb | none]] | [[File:ИТАЛИЯ109.png | thumb | none]] | ||
сунан) б. з. ч. 6-кылымдын ортосунда Римди негиз­деген. 5–3-кылымдарда Апеннин жарым аралын караткан соң, б. з. ч. 2-кылымда ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. <i>Рим</i> байыркы). Кул ээлик системанын кри­зиси (б. з. 3-кылымынан) ж-а варварлардын 4–5-кылымдагы кысымы 476-жылы Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. Италияда 493– 554-жылдарда остготтор (борбордук Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-жылы Италиянын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түндүк Италияны 568-жылы лангобарддар ба­сып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алар­дын тушунда кул ээлик система бузулуп, эр­кин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган. Италия айрым феодалдык ээликтерге бытырап, гер­ман королу Оттон Iнин баскынчыл жортуулда­рынын (951, 961–62) натыйжасында 962-жылы Ыйык Рим империясынын курамына киргизил­ген. 11–12-кылымдарда Италия рим папасы м-н герман им­ператорлорунун талашына түшкөн.<br>Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экономикалык күч-кубатын чыңдаган ж-а алардын көбү 11–12-кылымдарда өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. шаарларда коммуна­лар түзүлүп, бийлик патрицийлер м-н көпөстөргө өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында италиялык шаар-коммуналар Европа м-н Чыгыш­тын ортосундагы негизги соода борборуна ай­ланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири комму­налар иш жүзүндө көз карандысыз республика бол­гон. 8-кылымдан арабдар сурап турган Түштүк Италия м-н Сицилияны 11-кылымда норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штау­фендин (ошол кезде герман императору да бол­гон) Орто Италия шаарларын каратуу үчүн 13-кылымдын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпа­ган. Түштүк Италияны 13-кылымдын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14- кылымдын башында Сицилия, 15-кылымдын ортосунда Түштүк Италия испандык Арагон королдугунун кура­мына киргизилген. Италиялык шаарлардын экономикалык жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндү­рүшүнүн өнүгүшү Италияда (14–15-кылымдарда эле) капита­листтик мамилелердин пайда болушуна алып келген. Италиядагы шаар турмушунун гүлдөшү, ка­питалисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-кылымда соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан Италиянын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испа­ния м-н Франциянын Италия үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында Италия аймагынын кыйла бөлүгүндө чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун баары 16-кылымдын 2-жарымында Италияда феодалдык­ католиктик реакциянын башталышын шарт­тап, социалдык карама-каршылыктын кескин кур­чушуна (Түштүк Италиядагы 17-кылымдын 1-жарымында­гы көтөрүлүш), 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башын­да Испания (1701–14), Польша (1733–35), Авст­рия (1740–48) мурастары үчүн Италиянын аймагын­да болгон согуштар анын саясий ж-а экономикалык жак­тан начарлашына алып келген. Италия жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-кылымдын 2-жа­рымында Италиянын экономикасы жанданып, капи­талисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. Италиялык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанже­ри ж. б.) феодалдык тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу италиялык мамлекеттерде агартуу абсолю­тизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн. 18-кылымдын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кый­мылы – <i>Рисоржименто</i> (италиялык Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абсолюттук тартипке каршы чыгып, буржуазиялык түзүлүштү орно­туу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү Италияны түзүүдө революциячыл Франциядан жардам | сунан) б. з. ч. 6-кылымдын ортосунда Римди негиз­деген. 5–3-кылымдарда Апеннин жарым аралын караткан соң, б. з. ч. 2-кылымда ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. <i>Рим</i> байыркы). Кул ээлик системанын кри­зиси (б. з. 3-кылымынан) ж-а варварлардын 4–5-кылымдагы кысымы 476-жылы Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. Италияда 493– 554-жылдарда остготтор (борбордук Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-жылы Италиянын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түндүк Италияны 568-жылы лангобарддар ба­сып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алар­дын тушунда кул ээлик система бузулуп, эр­кин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган. Италия айрым феодалдык ээликтерге бытырап, гер­ман королу Оттон Iнин баскынчыл жортуулда­рынын (951, 961–62) натыйжасында 962-жылы Ыйык Рим империясынын курамына киргизил­ген. 11–12-кылымдарда Италия рим папасы м-н герман им­ператорлорунун талашына түшкөн.<br>Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экономикалык күч-кубатын чыңдаган ж-а алардын көбү 11–12-кылымдарда өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. шаарларда коммуна­лар түзүлүп, бийлик патрицийлер м-н көпөстөргө өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында италиялык шаар-коммуналар Европа м-н Чыгыш­тын ортосундагы негизги соода борборуна ай­ланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири комму­налар иш жүзүндө көз карандысыз республика бол­гон. 8-кылымдан арабдар сурап турган Түштүк Италия м-н Сицилияны 11-кылымда норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штау­фендин (ошол кезде герман императору да бол­гон) Орто Италия шаарларын каратуу үчүн 13-кылымдын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпа­ган. Түштүк Италияны 13-кылымдын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14- кылымдын башында Сицилия, 15-кылымдын ортосунда Түштүк Италия испандык Арагон королдугунун кура­мына киргизилген. Италиялык шаарлардын экономикалык жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндү­рүшүнүн өнүгүшү Италияда (14–15-кылымдарда эле) капита­листтик мамилелердин пайда болушуна алып келген. Италиядагы шаар турмушунун гүлдөшү, ка­питалисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-кылымда соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан Италиянын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испа­ния м-н Франциянын Италия үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында Италия аймагынын кыйла бөлүгүндө чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун баары 16-кылымдын 2-жарымында Италияда феодалдык­ католиктик реакциянын башталышын шарт­тап, социалдык карама-каршылыктын кескин кур­чушуна (Түштүк Италиядагы 17-кылымдын 1-жарымында­гы көтөрүлүш), 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башын­да Испания (1701–14), Польша (1733–35), Авст­рия (1740–48) мурастары үчүн Италиянын аймагын­да болгон согуштар анын саясий ж-а экономикалык жак­тан начарлашына алып келген. Италия жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-кылымдын 2-жа­рымында Италиянын экономикасы жанданып, капи­талисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. Италиялык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанже­ри ж. б.) феодалдык тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу италиялык мамлекеттерде агартуу абсолю­тизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн. 18-кылымдын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кый­мылы – <i>Рисоржименто</i> (италиялык Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абсолюттук тартипке каршы чыгып, буржуазиялык түзүлүштү орно­туу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү Италияны түзүүдө революциячыл Франциядан жардам алууга үмүттөнгөн. Бонапарттын Италияга жортуулдарынан (1796–97) кийин анда Фран­цияга көз каранды бир нече республика түзүлүп, буржуазиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок франциялык админист­рациянын талоончул саясаты Италиянын экономикалык өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. <i>Вена конгресси (1814–15)</i> боюнча Наполеондун жортуулуна чейинки Италиядагы феодалдык-абсолюттук монархия калыбына кел­тирилип, Италия мамлекеттеринин дээрлик барды­гы (Сардиния королдугунан башкасы) Австрия империясынын курамына киргизилген. Австри­ялык эзүүгө ж-а саясий бытырандылыкка кар­шы күрөшкө карбонарийлер жетекчилик кыл­ган. Алар башкарган буржуазиялык революциялар (Неа­политан королдугунда, 1820; Пьемонтто, 1821 ж. б.) жеңилген соң, Италиялык демократтар күрөш­түн башка жолун издеген. Ж. Мадзини элдик революция чыгаруу ж-а көз карандысыз демократиялык республика түзүү м-н Италияны бириктирүү программасын иш­теп чыккан. Бирок ал түзгөн «Жаш Италия» уюмун эл колдогон эмес. 1848–49-жылдарда Римде республика түзүлүп,буржуазиялык-демократиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок контрреволюциячыл интервенттердин (Фран­ция, Австрия ж. б.) аскерлери аны биротоло басып салган.<br>Австрия–Италия–Франция согушунда (1859) Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжа­сында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана ж-а Романья герцогдуктарынан куулган, Италиянын түштүгү испаниялык Бурбондордун бийлигинен кутулган. Италиянын бошотулган аймагы 1860-жылы Сардиния королдугуна бириктирилип, 1861-жылы бирдиктүү Италия королдугу жарыяланган. Австрия- Италия согушунан кийин 1866-жылы ага Венеция кошулуп, конституциялык монархия орногон. | ||
өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. <i>Вена конгресси ( | |||
Австрия–Италия–Франция согушунда (1859) | |||
Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжа­сында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана ж-а Романья герцогдуктарынан куулган, | |||
[[File:ИТАЛИЯ110.png | thumb | А. Гитлер (оңдо) ж-а Б. Муссолини Мюнхенде (июнь 1940).]] | [[File:ИТАЛИЯ110.png | thumb | А. Гитлер (оңдо) ж-а Б. Муссолини Мюнхенде (июнь 1940).]] | ||
Италия мамлекети түзүүлөрү м-н эле колониялык со­гушту баштап, Сомалини (1889), Эритреяны (1890), Ливияны (1912) басып алган.<br>Италия биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Ан­танта тарабында 1915-жылдан катышкан. Со­гуштан кийинки келишимдер боюнча, ага Түштүк Тироль, дээрлик бүткүл Истрия ж. б. жерлер караган. Согуштан кийин Италия индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. 1922-жылы Б. Муссолини фашист­тик диктатура орнотуп, Италия фашисттик мамле­кетке айланган. Фашисттик Италия Эфиопия (1935–36) м-н Албанияга (1939) агрессиячыл согуш ачып, ал өлкөлөрдү караткан ж-а фашисттик Германия м-н бирдикте республикалык Испанияга кар­шы интервенцияга (1936–39) катышкан. Гитлер­дик Германия м-н согуштук союз түзүп, 1940-жылы Германия тарапта экинчи дүйнөлүк согушка (1939–45) кирген. Италия Грекияга (1940, октябрь), Югославияга (1941, апрель) кол салып, 1941-ж. 22-июнда фашисттик Германия м-н бирге СССРге каршы согуш жарыялаган. Улуу Ата Мекендик согушта Советтик Армиянын жеңиши, өлкөдөгү ан­тифашисттик кыймылдын өсүшү, англиялык-америкалык ас­керлердин Сицилияга түшүрүлүшү 1943-жылы 25- июлда Муссолини бийлигинин кулашына алып келген. Бирок 1943-жылы 8-сентябрда фашисттик Германия Италиянын көп бөлүгүн басып алган соң, өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу кар­шылык көрсөтүү кыймылы м-н англиялык-америкалык ас­керлер 1945-жылдын жазында Италияны бошоткон. 1946-жылы монархия жоюлуп, Италия республика деп жарыя­ланган ж-а конституция (1947) кабыл алынган. 1947-жылдагы тынчтык келишими боюнча Италия ко­лонияларынан баш тартып, Югославияга Ис­трия м-н бир катар башка аймактарды, Гре­кияга Додеканес аралдарын ж. б. кайтарып бер­ген. Премьер-министр <i>Маршалл планы</i> боюнча Италия 1948-жылы АКШдан экономикалык жардам алып, 1949-жылы НАТОну түзүүгө катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Италия өнөр жайы өнүккөн өлкөгө ай­ланган.<br>Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кый­мылынын өсүү шарттарында башкаруучу партия 1962-жылы солчул борборчул саясатка өт­көн. Алар социалисттер, социал-демократтар ж-а республикачылар м-н реформанын белгилүү бир программасынын негизинде кызматташууну ж-а компартияны четтетүүнү көздөгөн. А. Фан­фанинин өкмөтү (1962–63) бир нече реформа (электр-энергетика өнөр жайы мамлекеттештирилип, пенсия көбөйгөн, дыйкандардын абалы бир аз жакшыртылган) жүргүздү. Италияда иш таштоолор­дун эң кубаттуу толкуну көтөрүлүп, өкмөт эл­дин көптөгөн таламын канааттандырууга маж­бур болду. 70-жылдардын башында демократиялык кый­мылдын жогорулашы реакциячыл күчтөрдүн, баарыдан мурда неофашисттердин активде­шүүсүн пайда кылды. Бирок Италиянын саясий өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңу­нан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чеч­киндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парла­менттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оң­чулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006-жылы Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Би­рок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдык­-экономикалык кыйынчылыктарды жоюуга дарамети жет­пей, 2008-жылы өткөн шайлоодо Берлусконинин «Эр­киндик эли» оңчул-борбордук коалициясы жеңишке жетип, Берлускони өлкөнүн премьер-министри болуп калган. | |||
өлкөгө айланган. 1922- | |||
ачып, ал өлкөлөрдү караткан ж-а фашисттик Германия м-н бирдикте | |||
өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу | |||
Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кый­ | |||
өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңу­нан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чеч­киндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парла­менттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оң­чулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006- | |||
Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Би­рок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдык­ | |||
==Чарбасы== | ==Чарбасы== | ||
05:29, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ИТА́ЛИЯ , И т а л и я н Р е с п у б л и к а с ы – Европанын түштүгүндөгү мамлекет, Жер Ортолук деңиздин алабында. Апеннин жарым аралын, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түштүк капталдарын,

Сицилия, Сардиния ошондой эле майда аралдарды ээлейт. Италия – Франция, Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино ж-а Ватикан м-н чектешет. Батышынан Лигурия ж-а Тиррен, түштүгүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери м-н чулганат. Аянты 301,3 миң км2. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – Рим. Акча бирдиги – евро (2000-жылга чейин – лира). Расмий тили – италян тили. Италиянын аймагы адатта 3 тарыхый-экономикалык аймакка бөлүнөт: Түндүк, Борбордук ж-а Түштүк. Административдик-аймактык жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт (к. таблицаны).
БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1958–67-жылдарда Европа экономикалык кызматташтыгы; 1967–92-жылдарда Европа кызматташтыгы), НАТОнун (1949), Евратомдун (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экономикалык кызматташтыгы ж-а өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Италия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1947-жылы 22- декабрда кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аны парламент эки палатанын биргелешкен жыйынында 7 жылдык мөөнөткө шайлайт. Президент премьер-министрди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Сенат ж-а Депутаттар палатасы), аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңешине таандык.
Саясий партиялары: Христиан-демократиялык партиясы, Солчул күчтөрдүн демократиялык партиясы (мурдагы Италия коммунисттик партиясы). Табияты.Италия – аймагы материкте (ири орографиялык объектилери – Альп тоолору, Падан түздүгү ж. б.), жарым аралда (Апеннин жарым аралы) ж-а аралдарда (Сицилия, Сардиния, ошондой эле Тоскана ар-

хипелагы, анын ичинде Эльба аралы, Кампано архипелагы, Капри аралы, Липари аралдары, Пантеллерия аралы ж. б. көптөгөн майда аралдар) жайгашкан тоолуу өлкө. Батыш Альп тоолорунда анын, ошондой эле Италиянын эң бийик чокусу – Монблан жайгашкан, бийиктиги 4807 м. Апеннин жарым аралынын басымдуу бөлүгүн Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт. Өлкөнүн түштүгүндө аракеттеги (Этна, Везувий) ж-а өчкөн жанартоолор бар. Италия Альп-Гималай кыймылдуу облусунда жайгашкан; жер титирөө тез-тез болуп турат. Коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, ошондой эле марганец, сымап, сурьма, боксит, күрөң көмүр, нефть ж-а табигый газ ж. б. кен-

дери бар. Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл ж-а ысык, июлдун орточо температурасы 23–26°С, түштүктөн соккон сирокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу ж-а жаанчыл, январдын орточо темп-расы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоолордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны


түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидроресурска бай, сугатка ж-а кеме жүрүү үчүн пайдаланылат. По (Италиядагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. дарыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борбордук ж-а Түштүк Италиядагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык

мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис ж-а гарига, айрым жерлерде эмен, каштан ж-а бук токою, пиния ж-а альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңгээлинен 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) ж-а жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп ж-а альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) ж-а айрым жерлери шалбаа өсүмдүктөрү м-н капталган.
Италияда жалпы 2,9 млн га жерди ээлеген коргоого алынган 772 табигый аймак уюшулган; анын ичинде жалпы аянты 1,34 млн га болгон 22 улуттук парк бар, алардын эң алгачкылары ж-а белгилүүлөрү – Гран-Парадизо (1922), Чирчео (1934) улуттук парктары. Тиррен ж-а Адрия деңиздеринин жээктеринде Европанын көптөгөн келгин куштары кыштайт. Ошого байланыштуу коргоого алынган 48 аймак эл аралык маанидеги суу-саздуу жер болуп саналат. Коргоого алынган деңиз мейкиндиктери, анын ичинде ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген Мирамаре деңиз паркы 2,8 млн га аянтты ээлейт. Липари аралы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Калкы. Италяндар өлкөнүн калкынын 92,5%ин түзөт, анын ичинде сицилиялыктар 8,3%, сардиниялыктар 2,3%. Төрөлүү мурда өтө жогору (1970-жылы 1000 адамга 16,5 бала туура келген) болгон, азыр Италия төрөлүү деңгээли боюнча (1000 адамга 8,5 бала) Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн

ичинен акыркы орундардын бирин ээлейт. Өлүм-житим (10,5 адам) төрөлүүдөн ашат. Италиянын калкы Европа ж-а дүйнөдөгү эң картаң калк (орточо жашы 42 жыл). Калктын курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 13,8%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 66,4%ти, 65 жаштан ашкандар 19,9%ти түзөт (2007). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 196дан

ашык киши туура келет. Падан түздүгү м-н Тиррен ж-а Адрия деңиздеринин жээктеринде калк жыш (1 км2 жерге 400 адамдан ашык), түндүк ж-а борбордук тоолуу аймактарда, Сардиния аралында сейрек отурукташкан. Шаар калкы – 67,6% (2005). Ири шаарлары (2008): Рим (калкы 2,5 млн; шаар айланасы м-н 3,9 млн), Милан (1,3 млн; 4,3 млн), Неаполь (965,4 миң; 3,8 млн), Палермо (652,9 миң; 1,0 млн), Генуя (588,4 миң; 689,6 миң). Италиянын калкынын 90%и – католиктер, 5%и баш-

ка конфессиялардын өкүлдөрү, негизинен мусулмандар м-н иудейлер.
Тарыхы. Италиянын аймагында адам палеолит дорунда жашай баштаган. Коло (б. з. ч. 2-миң жылдык) ж-а темир доорлорунда (б. з. ч. 1-миң жылдык) жашаган лигури, этруск, италик урууларына таандык бир катар археологиялык маданияттар калган. Латындар м-н сабиндер (италик уруу-

сунан) б. з. ч. 6-кылымдын ортосунда Римди негиздеген. 5–3-кылымдарда Апеннин жарым аралын караткан соң, б. з. ч. 2-кылымда ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. Рим байыркы). Кул ээлик системанын кризиси (б. з. 3-кылымынан) ж-а варварлардын 4–5-кылымдагы кысымы 476-жылы Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. Италияда 493– 554-жылдарда остготтор (борбордук Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-жылы Италиянын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түндүк Италияны 568-жылы лангобарддар басып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алардын тушунда кул ээлик система бузулуп, эркин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган. Италия айрым феодалдык ээликтерге бытырап, герман королу Оттон Iнин баскынчыл жортуулдарынын (951, 961–62) натыйжасында 962-жылы Ыйык Рим империясынын курамына киргизилген. 11–12-кылымдарда Италия рим папасы м-н герман императорлорунун талашына түшкөн.
Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экономикалык күч-кубатын чыңдаган ж-а алардын көбү 11–12-кылымдарда өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. шаарларда коммуналар түзүлүп, бийлик патрицийлер м-н көпөстөргө өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында италиялык шаар-коммуналар Европа м-н Чыгыштын ортосундагы негизги соода борборуна айланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири коммуналар иш жүзүндө көз карандысыз республика болгон. 8-кылымдан арабдар сурап турган Түштүк Италия м-н Сицилияны 11-кылымда норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штауфендин (ошол кезде герман императору да болгон) Орто Италия шаарларын каратуу үчүн 13-кылымдын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпаган. Түштүк Италияны 13-кылымдын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14- кылымдын башында Сицилия, 15-кылымдын ортосунда Түштүк Италия испандык Арагон королдугунун курамына киргизилген. Италиялык шаарлардын экономикалык жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн өнүгүшү Италияда (14–15-кылымдарда эле) капиталисттик мамилелердин пайда болушуна алып келген. Италиядагы шаар турмушунун гүлдөшү, капиталисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу маданиятынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-кылымда соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан Италиянын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испания м-н Франциянын Италия үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында Италия аймагынын кыйла бөлүгүндө чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун баары 16-кылымдын 2-жарымында Италияда феодалдык католиктик реакциянын башталышын шарттап, социалдык карама-каршылыктын кескин курчушуна (Түштүк Италиядагы 17-кылымдын 1-жарымындагы көтөрүлүш), 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында Испания (1701–14), Польша (1733–35), Австрия (1740–48) мурастары үчүн Италиянын аймагында болгон согуштар анын саясий ж-а экономикалык жактан начарлашына алып келген. Италия жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-кылымдын 2-жарымында Италиянын экономикасы жанданып, капиталисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. Италиялык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанжери ж. б.) феодалдык тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу италиялык мамлекеттерде агартуу абсолютизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн. 18-кылымдын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кыймылы – Рисоржименто (италиялык Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абсолюттук тартипке каршы чыгып, буржуазиялык түзүлүштү орнотуу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү Италияны түзүүдө революциячыл Франциядан жардам алууга үмүттөнгөн. Бонапарттын Италияга жортуулдарынан (1796–97) кийин анда Францияга көз каранды бир нече республика түзүлүп, буржуазиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок франциялык администрациянын талоончул саясаты Италиянын экономикалык өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. Вена конгресси (1814–15) боюнча Наполеондун жортуулуна чейинки Италиядагы феодалдык-абсолюттук монархия калыбына келтирилип, Италия мамлекеттеринин дээрлик бардыгы (Сардиния королдугунан башкасы) Австрия империясынын курамына киргизилген. Австриялык эзүүгө ж-а саясий бытырандылыкка каршы күрөшкө карбонарийлер жетекчилик кылган. Алар башкарган буржуазиялык революциялар (Неаполитан королдугунда, 1820; Пьемонтто, 1821 ж. б.) жеңилген соң, Италиялык демократтар күрөштүн башка жолун издеген. Ж. Мадзини элдик революция чыгаруу ж-а көз карандысыз демократиялык республика түзүү м-н Италияны бириктирүү программасын иштеп чыккан. Бирок ал түзгөн «Жаш Италия» уюмун эл колдогон эмес. 1848–49-жылдарда Римде республика түзүлүп,буржуазиялык-демократиялык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок контрреволюциячыл интервенттердин (Франция, Австрия ж. б.) аскерлери аны биротоло басып салган.
Австрия–Италия–Франция согушунда (1859) Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжасында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана ж-а Романья герцогдуктарынан куулган, Италиянын түштүгү испаниялык Бурбондордун бийлигинен кутулган. Италиянын бошотулган аймагы 1860-жылы Сардиния королдугуна бириктирилип, 1861-жылы бирдиктүү Италия королдугу жарыяланган. Австрия- Италия согушунан кийин 1866-жылы ага Венеция кошулуп, конституциялык монархия орногон.

Италия мамлекети түзүүлөрү м-н эле колониялык согушту баштап, Сомалини (1889), Эритреяны (1890), Ливияны (1912) басып алган.
Италия биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Антанта тарабында 1915-жылдан катышкан. Согуштан кийинки келишимдер боюнча, ага Түштүк Тироль, дээрлик бүткүл Истрия ж. б. жерлер караган. Согуштан кийин Италия индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. 1922-жылы Б. Муссолини фашисттик диктатура орнотуп, Италия фашисттик мамлекетке айланган. Фашисттик Италия Эфиопия (1935–36) м-н Албанияга (1939) агрессиячыл согуш ачып, ал өлкөлөрдү караткан ж-а фашисттик Германия м-н бирдикте республикалык Испанияга каршы интервенцияга (1936–39) катышкан. Гитлердик Германия м-н согуштук союз түзүп, 1940-жылы Германия тарапта экинчи дүйнөлүк согушка (1939–45) кирген. Италия Грекияга (1940, октябрь), Югославияга (1941, апрель) кол салып, 1941-ж. 22-июнда фашисттик Германия м-н бирге СССРге каршы согуш жарыялаган. Улуу Ата Мекендик согушта Советтик Армиянын жеңиши, өлкөдөгү антифашисттик кыймылдын өсүшү, англиялык-америкалык аскерлердин Сицилияга түшүрүлүшү 1943-жылы 25- июлда Муссолини бийлигинин кулашына алып келген. Бирок 1943-жылы 8-сентябрда фашисттик Германия Италиянын көп бөлүгүн басып алган соң, өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу каршылык көрсөтүү кыймылы м-н англиялык-америкалык аскерлер 1945-жылдын жазында Италияны бошоткон. 1946-жылы монархия жоюлуп, Италия республика деп жарыяланган ж-а конституция (1947) кабыл алынган. 1947-жылдагы тынчтык келишими боюнча Италия колонияларынан баш тартып, Югославияга Истрия м-н бир катар башка аймактарды, Грекияга Додеканес аралдарын ж. б. кайтарып берген. Премьер-министр Маршалл планы боюнча Италия 1948-жылы АКШдан экономикалык жардам алып, 1949-жылы НАТОну түзүүгө катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Италия өнөр жайы өнүккөн өлкөгө айланган.
Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кыймылынын өсүү шарттарында башкаруучу партия 1962-жылы солчул борборчул саясатка өткөн. Алар социалисттер, социал-демократтар ж-а республикачылар м-н реформанын белгилүү бир программасынын негизинде кызматташууну ж-а компартияны четтетүүнү көздөгөн. А. Фанфанинин өкмөтү (1962–63) бир нече реформа (электр-энергетика өнөр жайы мамлекеттештирилип, пенсия көбөйгөн, дыйкандардын абалы бир аз жакшыртылган) жүргүздү. Италияда иш таштоолордун эң кубаттуу толкуну көтөрүлүп, өкмөт элдин көптөгөн таламын канааттандырууга мажбур болду. 70-жылдардын башында демократиялык кыймылдын жогорулашы реакциячыл күчтөрдүн, баарыдан мурда неофашисттердин активдешүүсүн пайда кылды. Бирок Италиянын саясий өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңунан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чечкиндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парламенттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оңчулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006-жылы Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Бирок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жоюуга дарамети жетпей, 2008-жылы өткөн шайлоодо Берлусконинин «Эркиндик эли» оңчул-борбордук коалициясы жеңишке жетип, Берлускони өлкөнүн премьер-министри болуп калган.
Чарбасы
. И. – дүйнөдөгү экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн постиндустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү (1,8 трлн евро) б-ча дүйнөдө 10-, Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинде 4- орунду (Германия, Улуу Британия ж-а Франциядан кийин) ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 31 миң доллардан туура келет. ИДПнин 1,9%и а. ч-на ж-а балык уулоого, 22,7%и ө. ж-на, 6,1%и курулушка, 69,3%и тейлөө чөйрөсүнө таандык.
Ө. ж-нын башкы тармактары (продукциясынын наркы б-ча): машина куруу, тамак-аш (суусундук, тамеки өндүрүштөрүн кошкондо), нефть ажыратуу ж-а нефть-химия, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут кийим ө. ж., кара ж-а түстүү металлургия.
И. отун-энергия ресурстарына жарды болгондуктан, импортко өтө муктаж. Өлкөдө өндүрүл-

гөн нефть (5,8 млн т; 2006) ички муктаждыктын 7%ин гана канааттандырат. Нефтини негизинен Ливия, Россия, Сауд Арабиясы, Иран, Ирактан алат (87 млн т). Өндүрүлгөн табигый газ (11 млрд м3) ички муктаждыктын 13%ин гана канааттандырат. Газ негизинен Адрия деңизинин шельфинен, о. эле Калабриядан казылып алынат. Газды Россиядан ж-а Алжирден алат (2006-ж. 77 млрд м3). Энергия ресурстары
чектелүү болгондугуна карабастан, И. электр энергиясын өндүрүү б-ча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-ж. 290,6 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал эми өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 309,8 млрд кВт.с. Электр энергиянын 83%и ЖЭСтен, 17%и калыбына келүүчү булактардан
(анын 85,2%и ГЭСтен, 10,1%и геотермалдык ЖЭСтен, 4,7%и шамал ж-а күн энергиясынан)
өндүрүлөт.
Кара металлургия импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Сырттан темир кенташы (негизинен Бразилиядан), металлолом (Батыш Европа өлкөлөрүнөн), коксталуучу көмүр алат.
Чоюн, болот, прокаттарды (узун өлчөмдүү ысык, ысык каңылтыр, муздак катанка каңылтыр прокаттарын, темир-бетон конструкциясын ж. б.) чыгарат. Түстүү металлургия да негизинен импорттук сырьёну пайдаланат. Мында аллюминий ж-а коргошун-цинк өндүрүштөрү
өзгөчөлөнөт. Глинозём, алюминий, коргошун, цинк, күмүш, алтын, жез ж. б. өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн ө. ж-нын экспортко багытталган ири тармагы. А. и. түрдүү транспорт каражаттарын (автомобиль, авиация техникасы, кеме ж. б.) чыгаруунун мааниси зор. Жеңил («FIAT», «Alfa Romeo», «Lancia» ж. б.) ж-а жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, аскердик транспорт каражаттарын, кеме, автомобиль тетиктерин ж. б. чыгарат. Авиация ө. ж. негизинен аскер техникасын даядоого адистешкен. Машина куруунун маанилүү секторлорунун бири – аскер продукцияларын өндүрүү. Анда курал-жабдык, аскер техникасы (сооттолгон танк, сооттолгон транспортёр – БТР, дөңгөлөктүү сооттолгон машина, аскердик чалгындоо машинасы ж. б.), аскердик электрони-

ка, радар системасы, аскердик, жарандык авиация ж-а кеме куруу ө. ж. үчүн мотор ж. б. чыгарат.
Т. ж. өндүрүшүндө 2004-ж. 112 электровоз, 100 жүк ташуучу вагон чыгарган. И-дан даярдалган велосипед м-н мотоцикль спорт үчүн өтө маанилүү. Электр-тех. ж-а электроника ө. ж. тиричилик электр-приборлорун (муздаткыч, идиш-аяк ж-а кир жуучу машиналарды, микротолкун мешин, ашкана мешин, телевизор ж. б.) чыгарууга адистешкен. Жалпы машина куруу ө. ж. продукциясынын экспорттогу үлүшү зор (70%; Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германиядан кийинки 2-орунда). Анда ө. ж. роботтору, автоматтык линия, ширетүүчү ж-а штамптоочу машиналар, трактор тетиктери, текстиль, тамак-аш ж-а тигүү, тери өңдөө ө. ж. үчүн жабдуулары, бут кийим ж. б. даярдалат. А. ч. машиналарын ж-а жабдууларын (ага кошо түрдүү тракторлор, топуракты иштетүүчү ж-а жер семирткич чачуучу машиналар, эгин жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу б-ча И. Европада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле жол куруу техникаларын (бульдозер, экскаватор, чаканэкскаватор, автоматтык жүк жүктөгүч, скепер ж. б.) чыгарат.
Хим. продукциясынын көлөмү б-ча Европада Германия, Франция ж-а Улуу Британиядан кийинки 4-орунду ээлейт. Адистешүүсүнүн негизги багыты – хим. була, пластмасса, негизги химия продуктулары (к-та, щёлочь ж. б.) а. ч. химикаттары, лак-боёк буюмдары, тиричилик химиясынын товарлары ж-а косметика каражаттары. Жыгач иштетүү ж-а эмерек ө. ж-нын экспорттук мааниси зор. Курулуш материалдар
ө. ж-нда белгилүү И. мрамору (каррара ак мрамору), имараттарды кооздоочу табигый каптама таштар кеңири пайдаланылат; асбест, бентонит, бор казылып алынат. Цемент, кыш, карапа такта, кургак курулуш аралашмалары, курулуш химикаттары, желим, карапа ж-а фаянс буюм өндүрүштөрү өнүккөн. Айнек
ө. ж. негизинен чоң айнек идиштерди, идишаяктарды, курулуш ж-а автомобиль ө. ж., оптика приборлору үчүн айнектер, хрусталь, айнек-кебез, айнек-була чыгарууга адистешкен; көркөм айнеги м-н Венециядагы Мурано а. белгилүү.
Текстиль ө. ж. импорттук (пахта, жүн, зыгыр) ж-а жерг. (жибек, жасалма, синтездик ж-а аралаш була) сырьёдон ийрилген жип ж-а кездеме чыгарат. И. үй үчүн текстиль өндүрүшү [ич кийим, шейшеп, парда, ички жасалга (интерьер) ж-а эмерек ж. б. үчүн кездемелер] м-н белгилүү. Бир багытта иштеген тех. текстиль (атм. таасирден сактоочу, а. ч-да, курулушта, о. эле медицинада, аскер иштеринде, ө. ж-нда пайдаланылуучу материалдар) өндүрүштөрүнүн мааниси зор. Тигүү ө. ж. аялдардын ж-а эркектердин модалуу кийимдерин даярдоого адистешкен. Жогорку сапаттагы ж-а «люкс» классындагы товарларды даярдоо салты сакталууда. Булгаары ж-а бут кийим ө. ж. – өлкөнүн эл аралык адистешүүсүнө кирген салттуу тармагы.
Өңдөлгөн тери (уй, чочко, кой, эчкинин) ж-а рептилия терилери кийим (ичик, тон ж. б.), бут кийим, сумка, аксессуарларды, эмерек ж. б. даярдоодо пайдаланылат. И. өңдөлгөн тери тонду экспорттоо б-ча дүйнөдө (20%) алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Теринин 70%и эмерек каптоого, 20%и бут кийим ж-а 10%и кийим тигүүгө жумшалат.
И. – дүйнөгө мода таратуучу ж-а «люкс» классындагы бут кийим тигүүчү башкы өлкө. Бут кийим чыгаруу өлчөмү б-ча (жылына 244 млн жуп жогорку сапаттагы моделдүү булгаары, спорттук, резина ж. б. бут кийимдер) дүйнөдө Кытай, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Бут кийимдин 80%ке жакыны экспорттолот (243,6 млн жуп, дүйнөлүк экспорттун 1/ и; 2006). Ошол эле убакта кыйла арзан баадагы бут кийимди сырттан (Кытай, Румыния, Вьетнам, Индия, Болгариядан) сатып алат. Эзелтен эле модалуу булгаары-галантерия товарларын (сумка,
чемодан, капчык, кемер, булгаарыдан жасалган кеңсе товарлары, кол кап, аксессуарлар) ж-а галстук, о. эле чий калпак, булгаары, кездеме, фетр калпактарын, килем чыгаруу салт бойдон калган. Оюнчуктарды, балдар үчүн түрдүү буюмдарды, балаты жасалгаларын, күмүш, хрусталь, фарфор ж-а териден жасалган баалуу белектерди, көркөм гравюра ж. б. чыгаруу өнүккөн. И. муз. аспаптары (кылдуу ж-а үйлөмө аспаптар, орган, мандолина, гитара, аккардеон) м-н да белгилүү.
Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. – И-нын экономикасында машина куруудан кийинки 2-маанилүү тармак. Азык-түлүктү (шарап, макарондун түрлөрүн, быштак ж-а сүт азыктарын, зайтун майын, кондитер азыктарын, жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваларын) экспорттоочу ири өлкө. Кондитер өндүрүшү шоколад ж-а татымалдардын түрлөрүн даярдоого адистешкен. Шарап жасоо б-ча И. дүйнөдө 1–2-орунду Франция м-н гана бөлүшөт. И. колбаса, ыштап сүрсүтүлгөн ж. б. чүйгүн эт азыктарын даярдоо б-ча Европада маанилүү орунду ээлейт. Жылына 11 млн т ун даярдалат; макарон өндүрүшүнө байланыштуу (150дөн ашык түрү чыгарылып, дүйнөдө 1-орунду ээлейт) ун көп керектелет. Жылына 3,3 млн т жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваланат; туздалган помидор, томат пасталары, мөмө-жемиш консервалары, маринаддалган жашылча, фаршталган зайтун, артишок консервалары чыгарылат. Башка экспорттук продукцияларына – алкаголдук ичимдиктер (вермут, шампан ж. б.), кофе, жыпар жыттуу
өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган соустар ж-а
татымалдар, кант, тамеки, пиво, алкоголсуз суусундуктар ж. б. кирет.
Өлкөнүн а. ч-нын ИДПдеги үлүшү 1,9%. А. ч.
өндүрүшүнүн көлөмү б-ча И. Европада Франция, Германиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Өлкө а. ч. продукциясына ж-а азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 86%ин өзү камсыз кылат, калганын Франция, Германия ж-а Нидерланддан импорттойт. Агрардык секторунун өнүгүүсүнүн жалпы деңгээли европ. орт. көрсөткүчтөн төмөн, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж-а малынын продукттуулугу б-ча И. Европадагы көп өлкөлөрдөн артта. А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 17,8 млн га (2005); анын 53%и иштетилет, 18,8%и шалбаа ж-а жайыт, калганы токой (23%; бийик өскөн дарактар аз, негизинен теректүү токой ж-а бадалдар). Иштетилген жердин 75,6%и айдоо, анда тоют өсүмдүктөрү – жүгөрү, арпа, кара буудай, сулуу, буурчак, буудай, кант кызылча, күн карама, жүзүм, жашыл-

ча, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Жаан-чачыны сезон б-ча кескин өзгөрүп тургандыктан, жери сугатка муктаж. Сугат жеринин аянты 3,97 млн га (2005). А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. И. «Европанын багы» деп аталат; ал түрдүү мөмө-жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн кошо), жашылча, жүзүм, зайтун, буудай өстүрүүчү ж-а экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Киви (түшүмү б-ча дүйнөдө 1-орунда), шабдалы, нектарин, алмурут (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), өрүк (Түркия, Ирандан кийинки 3-орунда), алма (Европада 1-орунда), курма (Европада 1-орунда), гилас, кайналы, анжир ж. б. өстүрүлөт. И. жүзүм жыйноо б-ча (8,6 млн т; а. и. мейиз жүзүмү 1,7 млн т; 2006) дүйнөдө 1-орунда. Жүзүмзар өлкөнүн бардык жеринде таралып, өзгөчө итал. пейзажды жаратат. И. зайтунду чогултуу б-ча (жылына 4 млн тдай) дүйнөдө алдыңкы орунда. Маанилүү экспорттук тармагы – гүл өстүрүү. Башкы дан өсүмдүктөрү – буудай, шалы, жүгөрү, арпа. Мал чарбасынын өнүгүүсүнө Франция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүнөн келген арзан баадагы продукциялар, о. эле тоют базасынын жетишсиздиги тоскоолдук кылат. Өлкөнү чулгап турган деңиз жээктери балыкка анча бай эмес.