КАЛЫП (этнографияда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАЛЫП э т н о г р а ф и я д а – жасалуучу, куюлуучу ар кандай нерсенин же буюмдун түрүн түшүрүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп. Калып көбүнчө зергерчиликте кеңири тараган. Зергерлер күлбо­то топуракка жүн, тыбыт жана кылтак кошуп аябай ийлеп, чөйчөкчө кылып кургатып, ага ар кандай оймо-чийме түшүрүп, калып жасашкан. Ат жабдыктарын, кемер кур, кыз-келиндерди асем буюмдарын жана башкаларды жасаш үчүн түстүү металл­дарды куюуда кеңири колдонушкан. Ортосунда ар кандай чоңдуктагы бир нече ок куюулуучу чуңкурлары бар жиксиз беттелүүчү эки бөлөк жалпак май таш – ок калып же калып таш, так­тайдан чарчы түрүндө жасалып, кыш, көң куюл­са, кыш же көң куюучу калып деп аталат.