КАНЫМЕТОВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КАНЫМЕТОВА to КАНЫМЕТОВА Гүлайым) |
(Айырма жок)
| |
09:56, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНЫМЕТОВА Гүлайым (6. 5. 1949-жылы туулган, Ысык- Кѳл облусу, Түп району, Тасма айылы) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Фрунзедеги М. Күрѳңкѳев атындагы музыкалык окуу жайын (1967), А. Луначарский атындагы Москва театр академиясын бүткѳн (1972). 1972–1992-жылдары Ош облустук драма театрында, 1992–1994-жылдары Шаршен атындагы Чүй облустук куудулдар театрында эмгектенген, 1994-жылдан Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштейт. Аткарган негизги ролдору: Катерина Измайлова (Н. Лесков, «Мцен уезддик Макбет айым», «Нооруз-89» Орто Азия, Казакстан театр фестивалынын Гран-при), Нина Заречная (А. Чехов, Ак чардак»), Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»), Мария (И. Друце, «Ыйыктын ыйыгы»), Каракөз (М. Ауэзов, «Кара көз»), Курманжан датка (Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка», Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 2004) жана башкалар. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерде да ойногон: Жамийла, Сейде, Асел, Найман эне, Кемпир («Жамийла», «Бетме-бет», «Делбирим», «Найман эне», «Ак кеме»). Толгонайдын («Саманчы жолу») ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган (2008). Медалдар менен сыйланган.

