КАППАДОКИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАППАДО&#769;КИЯ</b> (гр. kappadokia) – Кичи Азия&shy;нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. К-нын алгачкы жа&shy;шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Б. з. ч. 3-миң жылдыктын орто ченинде түн.-батыш та&shy;раптан К-га индиевроп. уруулар басып кире баш&shy;таган. Б. з. ч. 20–19-к-да К-да ассириялык соо&shy;да колониялары болгон. 19-к-дын 80-жылда&shy;рында К-нын аймагынан капподиниялык так&shy;талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко&shy;лониясынын архивинен материалдар табылган
<b type='title'>КАППАДО&#769;КИЯ</b> (грекче kappadokia) – Кичи Азия&shy;нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. Каппадокиянын алгачкы жа&shy;шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын орто ченинде түндүк-батыш та&shy;раптан Каппадокияга индиевропалык уруулар басып кире баш&shy;таган. Биздин заманга чейинки XX–XIX кылымдарда Каппадокияда ассириялык соо&shy;да колониялары болгон. XIX кылымдын 80-жылда&shy;рында Каппадокиянын аймагынан капподиниялык так&shy;талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко&shy;лониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Каппадокия аймагы Хетт падышалыгы&shy;нын өзөгү болгон. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Каппадокияны Мидия басып алып, ал эми VI кылымдын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Биздин заманга чейинки IV кылымда К. Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-
(Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Б. з. ч. 2- NH
миң жылдыкта К. аймагы Хетт падышалыгы&shy;нын өзөгү болгон. Б. з. ч. 6-к-дын башында К-ны Мидия басып алып, ал эми 6-к-дын 2-жа&shy;рымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Б. з. ч. 4-к-да К. Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-


[[File:КАППАДОКИЯ39.png | thumb | Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.]]
[[File:КАППАДОКИЯ39.png | thumb | Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.]]
левкиддерге баш иет. Б. з. ч. 3–1-к-дын орто&shy;сунда К-да өз алдынча падышалык болуп, бор&shy;бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Б. з. ч. 1-к-да (б. з. 17-к-нан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-ж. бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. 14-к-дын аягында Осмон империя&shy;сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыш&shy;нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр&shy;лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы&shy;пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья&shy;лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай&shy;ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы ж-а аскалуу эстеликтер <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген.
левкиддерге баш иет. Биздин заманга чейинки III–I кылымдардын орто&shy;сунда Каппадокияда өз алдынча падышалык болуп, бор&shy;бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Биздин заманга чейинки I кылымда (биздин замандын XVII кылымынан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-жылы бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. XIV кылымдын аягында Осмон империя&shy;сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыштагы&shy;нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр&shy;лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы&shy;пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья&shy;лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай&shy;ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы жана аскалуу эстеликтер <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген.


<p align='right'><i type='author'>Ч. Жумагулов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ч. Жумагулов.</i></p>
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

09:12, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАППАДО́КИЯ (грекче kappadokia) – Кичи Азия­нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. Каппадокиянын алгачкы жа­шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын орто ченинде түндүк-батыш та­раптан Каппадокияга индиевропалык уруулар басып кире баш­таган. Биздин заманга чейинки XX–XIX кылымдарда Каппадокияда ассириялык соо­да колониялары болгон. XIX кылымдын 80-жылда­рында Каппадокиянын аймагынан капподиниялык так­талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко­лониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Каппадокия аймагы Хетт падышалыгы­нын өзөгү болгон. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Каппадокияны Мидия басып алып, ал эми VI кылымдын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Биздин заманга чейинки IV кылымда К. Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-

Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.

левкиддерге баш иет. Биздин заманга чейинки III–I кылымдардын орто­сунда Каппадокияда өз алдынча падышалык болуп, бор­бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Биздин заманга чейинки I кылымда (биздин замандын XVII кылымынан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-жылы бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. XIV кылымдын аягында Осмон империя­сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыштагы­нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр­лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы­пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья­лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай­ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы жана аскалуу эстеликтер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Ч. Жумагулов.