КАЛЛАС Мария: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́ЛЛАС</b> (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеро­пулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык | <b type='title'>КА́ЛЛАС</b> (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеро­пулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). XX кылымдагы мыкты ырчылардын бири. 1937-жылы Афины консерваториясында окуган. 1942–1944-жылдары Афины опера театрларында ырдап чыккан. Каллас алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып тааныл­ган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан <i>«Ла Скала»</i> (Милан) театрынын солисти. 1952-жылы «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-жылы Чи­каго операсында, 1956-жылы «Метрополитен-опе­ра» (Нью-Йорк) жана башка дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде <i>белькантонун</i> стилиндеги партияларды жана Вагнердин каармандарынын | ||
сопрано). | |||
чыккан. | |||
«Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954- | |||
[[File:КАЛЛАС5.png | thumb | М. Каллас. Тоска­нын ролунда. Ж. Пуч­чини, «Тоска».]] | [[File:КАЛЛАС5.png | thumb | М. Каллас. Тоска­нын ролунда. Ж. Пуч­чини, «Тоска».]] | ||
(Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгиль­да, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партия­ларын бирдей ийгилик | (Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгиль­да, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партия­ларын бирдей ийгилик менен аткарган. Кийинче­рээк италия романтикалык репертуарга көңүл бур­ган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Ан­на Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Ле­ди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) жана башкалар. Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атындагы 4-Эл ара­лык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү бол­гон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттер­дин М. Каллас атындагы эл аралык конкурсу өтүп турат. | ||
Ад.: <i>Тимохин</i> В., М. Каллас // Выдающиеся итальян­ские певцы. М., 1962; <i>Дюфрен</i> К. М. Каллас. М., 2007. <i>Н. Жылдызова.</i> | Ад.: <i>Тимохин</i> В., М. Каллас // Выдающиеся итальян­ские певцы. М., 1962; <i>Дюфрен</i> К. М. Каллас. М., 2007. <i>Н. Жылдызова.</i> | ||
| 13 сап: | 8 сап: | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
10:04, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КА́ЛЛАС (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеропулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). XX кылымдагы мыкты ырчылардын бири. 1937-жылы Афины консерваториясында окуган. 1942–1944-жылдары Афины опера театрларында ырдап чыккан. Каллас алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып таанылган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан «Ла Скала» (Милан) театрынын солисти. 1952-жылы «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-жылы Чикаго операсында, 1956-жылы «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк) жана башка дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде белькантонун стилиндеги партияларды жана Вагнердин каармандарынын

(Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгильда, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партияларын бирдей ийгилик менен аткарган. Кийинчерээк италия романтикалык репертуарга көңүл бурган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Анна Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Леди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) жана башкалар. Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атындагы 4-Эл аралык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттердин М. Каллас атындагы эл аралык конкурсу өтүп турат.
Ад.: Тимохин В., М. Каллас // Выдающиеся итальянские певцы. М., 1962; Дюфрен К. М. Каллас. М., 2007. Н. Жылдызова.