ИЧ КӨБҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧ КӨБҮҮ</b> , м е т е о р и з м – ичегилерде газ­дын ашыкча чогулушу. Соо кишинин карыны м-н ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу ж-а жыйрылуусу үчүн керек. Газ карын­га абаны көп жутканда келет ж-а ичегиде | <b type='title'>ИЧ КӨБҮҮ</b> , м е т е о р и з м – ичегилерде газ­дын ашыкча чогулушу. Соо кишинин карыны м-н ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу ж-а жыйрылуусу үчүн керек. Газ карын­га абаны көп жутканда келет ж-а ичегиде химиялык реакциянын, ферменттик процесстердин неги­зинде пайда болот. Газдын өлчөмү тамактын мүнөзүнө, кишинин кыймылына ж. б. фактор­лорго байланыштуу. Углеводу көп тамак (буур­чак, төө буурчак, кара нан ж. б.) м-н тамактан­ганда дени соо кишилердин да ичи көбүшү мүмкүн. Ич кэбүү көп оорулардын (ич катуу, не­вроз, колит, перитонит) белгиси болушу ыктымал. Гастрит, панкреатит, холециститте да ич көбөт. Кишинин микроб флорасы нормасынан бузул­ганда ичегиде ириңдөө ж-а ачуу процесси жүрүп, газдын бөлүнүшүн күчөтөт. Анда ич курулдайт, толгоп ооруйт, кекиртет, ыктытып, газ чыккан­дан кийин оору басылгансыйт, кээде ич өтөт, кайра катат. Ич көбүүдө себебине жараша ар кан­дай газ чыгаруучу дарыларды колдонуп, негиз­ги ооруну дарылоо керек. Алдын алууда тамак­тануу режимин сактоо, дене тарбия ж-а спорт­ко катышуунун мааниси чоң. | ||
чыгарылат. Алдын алуу үчүн кепшөөчү малды тоюттандыруу эрежесин так сактоо зарыл. | |||
Ич көбүү м а л д а – кепшөөчү малдын карынына же ичегисине жел толуп калуудан пайда болуучу ылаң. Көбүнчө уй ылаңдайт. Ылаң айрым учурда катуу кар­майт, кээде өнөкөт түрүндө болот. Катуу карма­ган түрү мал ачыган же бузулган тоют жегенде, кургак тоюттан чыктуу тоютка өткөндө, колдо багуудан жайытка чыгарылганда, өнөкөт түрү ичеги-карын, боор оорусунун таасиринен улам пайда болот. Тез пайда болгон жел карынды көптүрүп, анын иштешин бузат, ички кан та­мырларды, диафрагманы кысып, малдын дем алышын, кан айланышын басаңдатат. Мал кеп­шебей, чабалактайт, демигет. Убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учурайт. Дарылоо: карын­га жел чыгаруучу зонд киргизип, ич көптүрбөөчү дары (ихтиол, формалин ж. б.) куюу. Айрым оор учурда троакар м-н карынды тешип, жел чыгарылат. Алдын алуу үчүн кепшөөчү малды тоюттандыруу эрежесин так сактоо зарыл. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧ КӨБҮҮ , м е т е о р и з м – ичегилерде газдын ашыкча чогулушу. Соо кишинин карыны м-н ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу ж-а жыйрылуусу үчүн керек. Газ карынга абаны көп жутканда келет ж-а ичегиде химиялык реакциянын, ферменттик процесстердин негизинде пайда болот. Газдын өлчөмү тамактын мүнөзүнө, кишинин кыймылына ж. б. факторлорго байланыштуу. Углеводу көп тамак (буурчак, төө буурчак, кара нан ж. б.) м-н тамактанганда дени соо кишилердин да ичи көбүшү мүмкүн. Ич кэбүү көп оорулардын (ич катуу, невроз, колит, перитонит) белгиси болушу ыктымал. Гастрит, панкреатит, холециститте да ич көбөт. Кишинин микроб флорасы нормасынан бузулганда ичегиде ириңдөө ж-а ачуу процесси жүрүп, газдын бөлүнүшүн күчөтөт. Анда ич курулдайт, толгоп ооруйт, кекиртет, ыктытып, газ чыккандан кийин оору басылгансыйт, кээде ич өтөт, кайра катат. Ич көбүүдө себебине жараша ар кандай газ чыгаруучу дарыларды колдонуп, негизги ооруну дарылоо керек. Алдын алууда тамактануу режимин сактоо, дене тарбия ж-а спортко катышуунун мааниси чоң.
Ич көбүү м а л д а – кепшөөчү малдын карынына же ичегисине жел толуп калуудан пайда болуучу ылаң. Көбүнчө уй ылаңдайт. Ылаң айрым учурда катуу кармайт, кээде өнөкөт түрүндө болот. Катуу кармаган түрү мал ачыган же бузулган тоют жегенде, кургак тоюттан чыктуу тоютка өткөндө, колдо багуудан жайытка чыгарылганда, өнөкөт түрү ичеги-карын, боор оорусунун таасиринен улам пайда болот. Тез пайда болгон жел карынды көптүрүп, анын иштешин бузат, ички кан тамырларды, диафрагманы кысып, малдын дем алышын, кан айланышын басаңдатат. Мал кепшебей, чабалактайт, демигет. Убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учурайт. Дарылоо: карынга жел чыгаруучу зонд киргизип, ич көптүрбөөчү дары (ихтиол, формалин ж. б.) куюу. Айрым оор учурда троакар м-н карынды тешип, жел чыгарылат. Алдын алуу үчүн кепшөөчү малды тоюттандыруу эрежесин так сактоо зарыл.