ЖАҢГАРАЧ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАҢГАРАЧ</b> '''Эшкожо уулу''' (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн | <b type='title'>ЖАҢГАРАЧ</b> '''Эшкожо уулу''' (1801- же 1802, [[Чүй өрөөнү]], [[Жыламыш]] өңүрү – 1864, [[Талас өрөөнү]], Кара-Кыштак кыштоосу; сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн жана Талас өрөөнүн бийлеген. Жаңгарач менен [[Байтик]] баа­тыр ага-ининин балдары. 1848-жылы казак султа­ны [[Кенесары]] Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде [[Жантай]], кийин [[Ормон хан]] менен бир­дикте анын мизин кайтарып, колун талкалоо­го катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына бу­каралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-жылдарда [[Кокон хандыгы]]ндагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин <i>(</i>[[Алымбек]]<i>,</i> [[Алымкул|Алым­кул]]<i>)</i> колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-жылы жазында М. Г. Черняев Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Жаңгарач аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
09:31, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢГАРАЧ Эшкожо уулу (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, Кара-Кыштак кыштоосу; сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн жана Талас өрөөнүн бийлеген. Жаңгарач менен Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-жылы казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде Жантай, кийин Ормон хан менен бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-жылдарда Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин (Алымбек, Алымкул) колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-жылы жазында М. Г. Черняев Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Жаңгарач аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон.