ИРАН-ИРАК СОГУШУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРА́Н-ИРА́К СОГУШУ</b> (1980–88) – Персия булу­ңунун чөлкөмүндө, | <b type='title'>ИРА́Н-ИРА́К СОГУШУ</b> (1980–88) – Персия булу­ңунун чөлкөмүндө, ошондой эле ислам дүйнөсүндө же­тектөөчүлүк үчүн Ирак м-н Ирандын ортосундагы күрөштөн улам келип чыккан согуш. Согуштун башталышына Шатт-эль-Араб (персче Арванд­руд) дарыясынын чөлкөмүнө эки тараптын тең эзел­тен келаткан өз ара дооматтары шылтоо бол­гон. 1980-жылы 22-сентябрда Ирак башчысы С. <i>Ху­сейн</i> чек ара маселесин шылтоолоп, Иранга кар­шы согуш жарыялаган. Согуш узакка созулган. 1981-жылдан Иран күчүнө кирип, Ирак ай­мактарын басып алган, бирок толугу м-н өзүнө карата алган эмес. Иракка СССР м-н Франция, Иранга негизинен АКШ ж-а Израиль өлкөлө­рү колдоо көрсөтүшкөн. 1988-жылы 20-августта Иран-Ирак жарашуу келишимине кол коюл­ган. Эки тарап тең согуштан зор экономикалык зыян тарткан. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
04:06, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРА́Н-ИРА́К СОГУШУ (1980–88) – Персия булуңунун чөлкөмүндө, ошондой эле ислам дүйнөсүндө жетектөөчүлүк үчүн Ирак м-н Ирандын ортосундагы күрөштөн улам келип чыккан согуш. Согуштун башталышына Шатт-эль-Араб (персче Арвандруд) дарыясынын чөлкөмүнө эки тараптын тең эзелтен келаткан өз ара дооматтары шылтоо болгон. 1980-жылы 22-сентябрда Ирак башчысы С. Хусейн чек ара маселесин шылтоолоп, Иранга каршы согуш жарыялаган. Согуш узакка созулган. 1981-жылдан Иран күчүнө кирип, Ирак аймактарын басып алган, бирок толугу м-н өзүнө карата алган эмес. Иракка СССР м-н Франция, Иранга негизинен АКШ ж-а Израиль өлкөлөрү колдоо көрсөтүшкөн. 1988-жылы 20-августта Иран-Ирак жарашуу келишимине кол коюлган. Эки тарап тең согуштан зор экономикалык зыян тарткан.