КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ - б. з. 2-4-к-на таандык дѳбѳ-мүрзѳлѳр. Баткен обл-нун Баткен р-нундагы Кара-Булак айылынан 2 км түштүктѳ, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жайгашып, 900дѳн ашык мүрзѳдѳн ж-а таш корумчалардан турат. Алар - казанактуу жарма ж-а тѳрт бурчтуу жѳнѳкѳй кѳрлѳр. Кѳрүстѳндѳрдүн

Индиялык бийчи аялдын сѳлѳкѳтүндѳгү коло күзгүнүн сабы. жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзѳлѳрдүн диаметри 6-25 м, бийикт. 0,30-1,7 м. Жарма кѳрлѳргѳ кѳмүлгѳн адамдардын сѳѳгү чалкасынан же оң жак капталына жаткырылган абалда, баштары түштүккѳ багытталып, саман же арча бүчүрлѳрү тѳшѳлүп, табытка салынып коюлган. Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзѳлѳр да кездешет. Мүрзѳлѳрдѳн жибек кездемелер, чопо ж-а жыгач идиштер, темир бычак, жаңгак, койдун сѳѳктѳрү салынган себеттер, отургучтар ж. б. буюмдар кѳп табылган. Эркектер кѳ- мүлгѳн мүрзѳлѳрдѳн канжар, жаа, жебенин учтары, ал эми аялдар коюлган кѳрлѳрдѳ азем буюмдар (а. и. индиялык бийчи аялдын сѳ- лѳкѳтүндѳгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийиктин башы, себеттер кѳбүрѳѳк кездешкен. 1954- 59-ж. археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-ж. археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзѳнү казып, изилдеген.