КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Уз. 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляциясынын аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат.

Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда бийикт. 20–30 мдей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн
сол жак четинде тоо тектердин уранды сыныктары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн этегинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.
Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңдыгы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып
чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тартып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофиз. жылдын (1957-ж., 1-июль) программасы б-ча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү
үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык ил. борборлорго жөнөтүлүп турган. Кийинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдыкметеорол. байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экол. жактан таза, туюк төр.