КАРА-БАЛТА КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БАЛТА КАПЧЫГАЙЫ – Кыргыз Ала- Тоосунун түн. капталындагы терең, кууш капчыгай. Жайыл р-нунун аймагында. Уз. 50 кмге чейин, туурасы төмөнкү бөлүгүндө 5–8 км, аянты 577 км2. Орт. бийикт. 3100–3400 м. Капчыгайдын таманы кууш (туурасы 30–150 м), капталы тик, деңиз деңг. 1000–2800 м бийикте. Тепши сымал өрөөндөр 2600–2800 м бийиктен башталып, жабык төрлөр м-н бүтөт. Капчыгайдын төмөн жагындагы тереңдиги 300–900 м, ортосунда 1700–2400 м, жогорку бөлүгүндө 800–

1000 м. Зоокалары астыңкы ж-а ортоңку ордовиктин сары-жашыл түстүү алевролит, чополуу сланец, кумдук, мраморлошкон ачык сары акиташ теги, конгломерат ж-а девондун жанартоо туфтарынан ж. б. эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Капчыгай неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталынын тектон. көтөрүлүүсүнө байланыштуу суунун жерди ургаал жемирип-жешинен пайда болгон. К.-Б. к-нын капталдарында кургак жылгалар, сайлар, эшилме шагыл м-н кум көп. Суу бөлгүчү негизинен байыркы түздүктөрдүн калдыктарынан (пенеплен) турат. Топурак ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Кылканактуу-дүйүм чөптүү талаа (1000–1600 м), токой-шалбаалуу талаа (1900–2700 м бийикте; мында арча, четин, кайың, тал, бөрү карагат, ит мурун ж. б. өсүмдүктөр өсөт), субальп (2700–3100 м) ж-а альп шалбаасы (3100–3400 м) мүнөздүү. Суу бөлгүчү ж-а тепши сымал өрөөндөрү жайыт катары пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.