КАРА-БАЛТА (Жайыл районундагы суу): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БАЛТА , К ө л - Б а ш ы – Жайыл р-нундагы суу, Ак-Суунун (Чүйдүн алабы) сол куймасы. Уз. 133 км, алабынын аянты 577 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталынан башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2910 м. Өрөөнүнүн таманы кууш, жогорку бөлүгү туюк төрлөр м-н бүтөт. Алабында чакан мөңгүлөр ж-а көлдөр бар. К.-Б-нын жалпы уз. 268 км келген 84 куймасы бар; негизгилери: Чоң- Мазар (12 км), Абла (11 км), Туюк (16 км). Орт.
чыгымы 5,25 м3/сек. Май айынан сентябрдын ортосуна чейин кирип, сентябрь – апрель айларында тартылат. Июнь – июль айларында суусу мол болуп, орт. чыгымы 14 м3/сек, айрым жылдары 21–22 м3/секга жетет; февраль – март
айларында 1,60 м/секга азаят. Байкалган эң көп
чыгымы 71 м3/сек, эң азы 0,65 м3/сек. Жылына орто эсеп м-н 23 сутка суунун бетин муз каптап жатат. Шыргалаң ноябрдын аягында башталып, марттын ортосунда токтойт. Январь–февраль айларында суунун темп-расы 1°С, июль –
августта 11,2°С, айрым күндөрү 17,0°Сге чейин жогорулайт. Суусунда тоо жилиңгири, маринка балыктары бар. Сугатка пайдаланылат. К.-Б-дан 20 м3/сек суу өткөрүүчү Таш, ГЭС, Чоң Жетиген каналдары чыгарылган. Төмөнкү агымында Кара-Балта суу сактагычы курулган.
Өрөөнүндө Кара-Балта ш., Моңолдор, Сары-Булак, Сосновка, Ставрополовка, Степной кыш. жайгашкан.