КАПТАЛ ЭРОЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПТАЛ ЭРОЗИЯСЫ – агын суулардын тааси­ринен өзөндүн жээктеринин, капталдарынын жемирилиши, оюлушу, урап түшүшү. Дарыялар түздүктө мелмилдеп жай агат. Суу м-н келген агынды (кум, чопо, топурак, тектердин кесек талкаланган бөлүкчөлөрү) суунун нугуна, түбүнө 1 2 чөгөт. Суу жогору көтөрүлүп, тайыздап, кечме­ликке айланат. Ошол убакта өзөндүн жээги, капталы жемирилип, жар пайда болот. Жар­дын түбү эшилип, оюлуп, урап түшөт. Суу нугу­нун туурасы кеңийт. Мындай кубулуш каптал тектеринин түзүлүшүнө, камдашуусуна, борпоң­дугуна, рельефке, аккан суунун ылдамдыгы м-н өлчөмүнө, о. эле климаттык шартка, жаан­чачындын аз-көбүнө байланыштуу болот.