КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ Чоң Кавказ тоо тар­магына кирет. Башкы же Суу-Бөлгүч кырка тоосунун түндүгүндө ага жарыш жатат. Чөкмө, кристаллдык ж-а чополуу сланец, гранит тек­теринен турат. К. к. т-нда эң бийик чокулар – Эльбрус (бийикт. 5642 м), Дыхтау (5203 м), Каз­бек (5033 м), Тебулосмта (4493 м) ж. б. жайгаш­кан. Аскалуу кооз кырларына рельефтин альп тибиндеги формалары, нивалдык ж-а гляциал­дык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Каптал­дарын ийне жалбырактуу токой, альп ж-а суб­альп шалбаалары ээлейт. Мөңгүлүү. Табигый ландшафттары Кавказ, Кабарда-Балкар, Казбе­ги, Түн. Осетин ж. б. коруктарда, Эльбрус этеги улуттук табият паркында корголот. Тоо-лыжа спортунун, альпинизмдин ж-а туризмдин бор­бору.