КАПАГАН КАГАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАПАГАН КАГАН (т. ж. б. – 716, ө. жери белгисиз) – Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы
(691–716). Кутлук кагандын аталаш иниси,
Күлтегин м-н Билге кагандын аталаш агасы.
Чыгыш Түрк кагандыгынын ээлигин кеңейтип, анын чек арасын Дербенттен (Кавказ) Хуанхэге (Кытай) чейин жеткирүүнү көздөгөн. 694-ж. Ордосту алуу үчүн кытайлар м-н согушта Маньчжурияны өзүнө каратып, 706-ж. Түн. Кытайга
чабуул жасаган. 709-ж. тогуз-огуздарды, 711–
712-ж. енисейлик аздар м-н чиктерди жеңип алган. 712–13-ж. Алтайдан келип, Жети-Суудагы он ок элин (к. Он ок будун) багындырган. Сыр-Дарыядан өтүп, Кавказга жакын тохар, согдуларды кыйраткан. 714-ж. кайрадан баш көтөргөн табгачтарга 6 жолу сокку урган. К. к. көчүүгө кам көргөн тогуз-огуздарды Гобинин түндүгүндө талкалаган. 716-ж. Толы өзөнүнүн жээгинде байегу урууларын жеңип, азыраак аскери м-н кайтып бара жатканда ал уруулардын аман калган тобу капысынан кол салып, К. к-ды өлтүрүп, башын кытайларга тартуу кылышкан.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии.
Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилёв Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Джуманалиев Т. Д. Т. 1. Б., 2007.