КАН УНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАН УНУ – союлган малдын канынан жасал­ган продукт; майда, күрөң күкүм. Витамин-бе­локтуу тоют катары чочко, үй кушу, о. эле куну айбанаттарга кошумча берилет. Сапаты м-н ку­рамына карай биринчи ж-а экинчи сортко бөлүнөт. Биринчи сортунун нымдуулугу 9%, майлуулугу 3% болуп, протеин 81%тен ашпоо­су керек. Экинчи сортунун нымдуулугу 11%, майлуулугу 5%, протеин 73%тен ашпайт. 1 кг К. у-нда 1,06 тоют бирдиги ж-а 758 г сиңимдүү протеин бар. Протеини биол. баалуулугу м-н айырмаланат. Суткасына чочкого 300, торопой-

го 100–150 гга чейин, үй кушунун 1 кг тирүүлөй салмагына 4–5 г берилет. Протеинге бай тоют катары тукумдук эркек малдын (букага 800 г, айгырга 500 г, чочкого 200 г) рационуна кошу­лат. К. у. кургак ж-а салкын жайда сакталат. Тоютка жараксыз К. у. жер семирткич катары колдонулат.