КАНТСЫЗ ДИАБЕТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТСЫЗ ДИАБЕ́Т – канда вазопрессин гормонунун азайышынан болгон эндокрин оорусу. Зааранын абдан көп бөлүнүшү ж-а өтө суусоо м-н мүнөздөлөт. Бул ооруга вазопрессинди канга бөлүп чыгаруучу гипоталамус ж-а гипофиздин жабыркашы себеп болот. Оорулуу суюктукту көп ичкендиктен ж-а суткасына 4–12 лге, кээде 30–40 лге чейин түссүз, жытсыз, салыштырма салмагы төмөн, канты жок заара бөлүп чыгарат. Организм сууну көп жоготкондуктан, оорулуунун алы кетип, териси, былжыр чели кургайт, арыктайт, алы кетет, башы айланып ооруйт, кускусу келет. Оору өнөкөт болуп көпкө созулат, өмүргө коркунуч туудурбайт. Кээде тукум куума болушу мүмкүн. Дарылоодо гормондор пайдаланылат.