КАНТЕМИР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТЕМИ́Р Антиох Дмитриевич [10 (21). 9. 1708, Константинополь – 31. 3. 1744, Париж] – орус акыны, сатирик, котормочу, мамл. ишмер. Рационалист агартуучу, орус классицизминде ыр түрүндөгү сатира жанрын негиздөөчүлөрдөн. Саясий эпиграммаларында ж-а сатираларында Пётр Iнин реформаларын жактаган. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, так ж-а гуманитардык илимдерди, орус мад-тынын тарыхын мыкты билген ж-а изилдеген. Адабий ишмердигин 1725-ж. котормодон баштаган. К. Улуу Британия ж-а Францияда (1738–44) элчилик кызматта болгон. Горацийдин 22 сунушун, Анакреонттун 55 ырын которгон, агартуу идеясын тараткан. Физик Фонтенелдин «Дүйнөлөрдүн көптүгү жөнүндө сөз» трактатын (1730) которгон ж-а ага эскертүүлөр жазган (1742).
Чыг.: Собрание стихотворений. Л., 1957.