КАН СОРГУЧТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАН СОРГУЧТАР (Hippoleoscidea) – кыска му­рут чымындар тукуму. Уз. 4–8 мм. Сүт эмүүчүлөр м-н канаттуулардын кан соргуч сырткы мите­лери. Күчтүү буттары ж-а кошумча тишчелүү тырмактары м-н жаныбардын жүнүнө ж-а ка­натына жабышат. Канаттуулары ээсине жолук­канда, канатын жоготот. Кээ бир түрү тапта­кыр канатсыз болот. 200дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү жаныбардын бир гана түрүнө ылайык­ташып, ошонун гана денесинде мителик кылат. Личинкасы жумурткалыктын жатын сымал кеңейген жеринде өөрчүп, сүт бездери сыяктуу 2 чоң бездин секрециясы м-н азыктанып, куур­чакчага айланууга даяр туулат. Алар бугу, жыл­кы, уй, кой, ит, канаттуу ж. б-дын К. с-ы бо­луп бөлүнөт.