КАН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда. Фергана ш-нан түш.-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түн. тармагы Катыраң тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1100–1300 м бийикте жайгашкан. Кен илгертен белгилүү. Кен серпентинитке айланган ультранегиздүү тоо тектердин арасында жайгашкан. Анын аймагында силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ теги жатат. Кенташ негизинен галенит, сфалерит, пирит минералдарынан түзүлүп, альбитофир, акиташ, сланец, серпентинит ж-а брекчияларда кездешет. Кенде линза, шток, тарамча ж. б. татаал түспөлдөгү ар түрдүү 80 кенташ тулкусу бар. Алардагы коргошун 50,5%, цинк 20%ке жетет. Кен герцин металлогендик доорунда гидротермден пайда болгон. 1950–74-ж. казып алынып турган.