КАННИБАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАННИБАЛИ́ЗМ (фр. cannibale – киши жегич) – 1) алгачкы жамааттык коомдо адамдардын ки­шинин эти м-н тамактануусу. Анын 2 түрү бол­гон: тиричилик ж-а диний. Таш доорунун ал­гачкы мезгилинде колдонулуп, коомдун өнүгүшү ж-а тамак-аштын көбөйүшүнө байланыштуу ти­ричилик К-и сейрек учурайт. Диний К. узакка сакталган, анда өлтүрүлгөн же колго түшкөн душмандарынын айрым мүчөсүн ырымдап жеш­кен. Мындай үрп-адат өлгөн душмандын күчү ж. б. касиеттери жеген кишиге өтөт деген түшү­нүккө негизделген; 2) бир түрдөгү айбандардын бирин бири жеп коюшу. К. – табигый тандалуу­нун түр ичиндеги атаандаштык көрүнүшү. Кө­бүнчө ыңгайсыз шартта, жут жылдары арбын байкалат. Мис., катаал кышта карышкыр, ил­бирс ж. б. ири жырткыч бирин бири, энеси бал­дарын жеп коёт. Ун коңузу өз сиркесин жеп, тукумун артыкбаш көбөйүп кетүүдөн сактайт. Кара курттун ж-а жаачынын ургаачысы жал­гашкандан кийин эркегин жеп коёт. Айрым жырткыч балыктар чабактары м-н азыктанып, жемсиз жашай берет.