КАН ЛИСТВЕНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАН ЛИСТВЕНИ́Т КЕНИ Баткен обл-нун Ка­дамжай р-нунда. Алай кырка тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1200–1400 м бийикте жай­гашкан. 1982-ж. табылган. Кен аймагын уз. 30 км, туурасы 1 км болгон гипербазит тоо тек массиви түзөт. Лиственит гипербазиттин арасын­да жатат. Кен өз-өзүнчө 4 участкадан турат. Абид-Сайдагы листвениттин сыртка чыгып жат­кан аянты 3600 м2, Нормат-Сайда – 2100 м2, Те­гирмен-Таш-Сайда – 9600 м2 ж-а Жолборс-Сай­да – 5000 м2. Лиственит кооз, боз жашыл ж-а жашыл түстө, жакшы сайкалданат. Бекемдиги канааттандырарлык. Арасында ар кандай ка­лыңдыкта агат сымал калцедондун майда та­рамчалары кезигет. Лиственит кооз буюмдарды жасоого жарактуу. 10 м тереңдикке чейинки бол­жолдуу ресурсу 20,3 миң м3.