КАНИГУТ ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНИГУТ ҮҢКҮРҮ – байыртадан кен казылып алынуучу үңкүр. Баткен р-нундагы Самаркан­дек кыш-нан 18 км батыш тарапта, Мадыген тоосунун чыгышындагы Шадымир өрөөнүндөгү Занкур капчыгайында жайгашкан. Кырг-нда­гы эң чоң үңкүр. Жерг. калкка байыртадан эле белгилүү болуп, аны Занкур деп аташкан. Жал­пы уз. 3000 мден ашат. Эки оозу бар. Негизги оозу 9x8 м өлчөмүндө, тоонун түш.-чыгыш кап-

Канигут үңкүрү. Баткен.

талында капчыгайга кире бериштен орун алган.
Үңкүрдүн чыкчу оозу кирчү оозунан 50 м жого­ру, эң терең чуңкуру оозунан 34 м төмөн жай­гашкан. Анын айланасындагы аймактарды адамдар кул ээлөөчүлүк доордо эле мекендегени анык. Алгачкы ил. чалгындоо иштерин 1895-ж. март айында Археология сүйүүчүлөрдүн Түрк­стан ийриминин мүчөлөрү М. С. Андреев м-н Н. Г. Маллицкий жүргүзгөн. Ташкентте ийрим­дин кезектеги отурумунда М. С. Андреев бул ил. изилдөө ж-дө доклад жасап, Варух капчыга­йындагы аска ташты ж-а үңкүрдүн оозуна че­гилген арабча жазуулардын көчүрмөсүн көрсөт­көн. Отурумдун жыйынтыгында үңкүрдү изил­дөөнү улантуу ж-дө чечим чыгарылган. К. үңкүрү сов. доордо ар тараптан изилденген. 6–7-к-да үңкүрдөн коргошун, темир казылып алынган. Кокон хандыгынын мезгилинде жерг. кыргыз­дар үңкүрдөн коргошун казып алып турганды­гы ж-дө маалымат бар. «Канигут» (Ажал кени) аталышы Кокон ханы Кудаяр м-н байланыш­туу, ал өлүм жазасына тартылгандарды күмүш казып алуу үчүн үңкүргө түшүргөн. Үңкүрдүн жанында таштан салынган турак жайдын уран­дылары бар.