КАНДИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНДИ́ (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара –
«Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. Борб.
провинциянын адм. борбору. Өлкөнүн борб. тоолуу бөлүгүндө, Канди платосунда, Махавели- Ганг д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 118,2 миң (2008). Король Викрамабаху III 14-к-да негиздеген. 1592-жылдан Цейлон (учурда Шри- Ланка) а-нын түш.-батышын ж-а түндүгүн португалиялыктар басып алышкандан кийин көз каранды эмес Канди сингал мамлекетинин борбору. 1815-жылдагы келишим м-н Британия империясынын курамына киргенден борбор статусун жоготкон. Буддалардын ыйык шаарларынын бири. Шаардын борборунда 18 мунаралуу таш дубал (16-к-дын аягы 17-к-дын башы) м-н курчалган сингал салттуу арх-расынын курулуштары сакталган Зуба храмы (16-к-дын
аягы –18-к.), о. эле Натха-Дэвале (14-к.), Вишну-Дэвале (18-к.) храмдары, Асгирия-Вихара (14–17-к.), Малватта-Вихара (16–18-к.) будда монастырлары, Ыйык Павел собору. Шаардын борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К-ден 5 км Пераденияда Азиядагы эң ири Король ботан. багы (1821; бөлмө өсүмдүктөрүнүн 750 түрү ж. б.) бар. К-ге жакын Хиндагала үңкүрүндө 5–7-к-га таандык жазуулар бар.
Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн.