КАНАДЗАВА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНАДЗА́ВА – Япониядагы шаар. Хонсю а-нын батышында жайгашкан. Исикава префектурасынын адм. борбору. Калкы 457,4 миң (2008). Т. ж. станциясы. Деңиз порту (Кореянын Пусан порту м-н үзгүлтүксүз байланышып турат). Маэда сепили (16-к.), Нагамати самурайлар кварталы, гейшалар үйү (Эдо мезгили), буддисттердин ж-а синтоисттердин храмдары сакталган. Машина куруу, текстиль, полигр., тамакаш ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол м-н сайма саюу, сусаль алтынынан буюм жасоо), фарфор-фаянс (жогорку сапаттагы «Кутании») ж-а лак буюмдар («Вадзима») өндүрүшү өнүккөн. Ун-ттер, технол. ин-т, коллеж, дизайн мектеби, музейлер (а. и. мемориалдык), жазуучулар Идзуми Кёка ж-а Муро Сайсэйдин үй-музейлери бар. Жыл сайын ар кандай фестивалдар өткөрүлүп турат. К-дан түш.-чыгышта Юваку ысык булагы жайгашкан.